• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
41 Категория: Экономика - Published: 28/10 - 11:37

Бириккен Улуттар Уюму 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында дүйнөлүк тышкы түз инвестициялар өткөн жылга салыштырмалуу 49 пайызга кыскарганын жана ушул тенденция менен быйыл жалпысынан 40 пайызга төмөндөй тургандыгын билдирди.

БУУ бул тууралуу шейшемби күнкү отчетунда билдиргенин «Mehr News» агенттиги жазды.
ЮНКТАД дын (Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүктүрүү конференциясы) маалыматы боюнча, тарыхта биринчи жолу Европага чет өлкөлүк инвестициялардын агымы терс болду жана өткөн жылы 202 миллиард доллар болсо, бул жылы 7 миллиард долларга чейин азайды. АКШга дагы инвестиция агымы 61 пайызга кыскарып, 51 миллиард долларга жетти.
Уюмдун отчетунда дүйнөдөгү түздөн-түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 399 миллиард долларга чейин төмөндөгөнү, ири трансулуттук корпорациялар ликвиддүүлүктү сактоо үчүн инвестициялык пландарын кийинкиге калтыргандыгы жазылган.
ЮНКТАДдын президенти Жеймс Жан “Дүйнөлүк чет элдик инвестициялар өткөн жылдын алты айында болжол менен жарымга кыскарды, бул биз жыл бою болушу ыктымал деп күткөн көрсөткүчтөн дагы начар. Кийинки жылы инвестициянын төмөндөшү 5-10 пайызга чейин басаңдайт деп күтүлүүдө”, - деп билдирди.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент