• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
60 Категория: Экономика - Published: 26/10 - 11:30

Бернар Арно компаниясынын акцияларын 6% көбөйтүп, бир жуманын ичинде байлыгын 122 миллиард долларга чейин көбөйтө алды.

«ir.Sputnik News» агенттиги “Forbes” журналынын маалыматына шилтеме берип, белгилүү миллиардер жана “Louis Vuitton” компаниялар тобунун президенти Бернар Арно бир аптанын ичинде байлыгын 8 миллиард долларга көбөйтүүгө жетишкенин маалымдады.
Дүйнөдө кымбат баалуу товарлар рыногу коронавирус эпидемиясы башталгандан бери катуу жабыркады. Бирок Louis Vuitton компаниялар тобу өткөн жумада бул тармак калыбына келе баштагандыгын кабарлашты. Бул билдирүүдөн кийин, Бернар Арнонун акциялары 6 пайызга көтөрүлүп, 122 миллиард долларга жеткени жарыяланды.
Ал жыл башынан бери бир нече жолу дүйнөдөгү эң бай адам деп жарыяланган. Бирок, эпидемия башталганда, анын иши начарлап, позициясын жоготкон жана “Forbes” журналынын рейтингинде “Amazon” интернет-компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостон кийинки экинчи орунга түшкөн.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент