• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
29 Категория: Главные новости - Published: 19/02 - 14:29

Ирандын президенти Хасан Рухани Европа Биримдигинин өзөктүк келишим боюнча иштерин сынга алды.

Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани Европнын АКШнын мурунку президентинин учурунда Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планынын курамынан бир тараптуу чыгып кеткенден кийин милдеттенмелерин аткаруу боюнча иштерин сынга алып, “Эгерде биз чындыгында эле өзөктүк келишимди жана анын максаттарын сактоого умтулуп жаткан болсок, анда анын натыйжалуулугун иш жүзүндө жана белгиленген структуранын чегинде көрүшүбүз керек, Европа аны иш жүзүндө далилдеши керек”, - деп билдирди.
Ал бул тууралуу шаршемби күнү кечинде Германиянын канцлери менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө баса белгилегенин «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Хасан Рухани Ангела Меркелге өзөктүк келишимге жаңы маселелерди киргизүү мүмкүн эмес экенин билдирүү менен, “Өзөктүк келишим Коопсуздук Кеңеши тарабынан жактырылган документ жана Иран менен дүйнөдөгү алты ири мамлекетинин узак жылдар бою жүргүзгөн иш-аракеттеринин жемиши катары, так негизге ээ жана өзгөрүлгүс”, - деди.
Ирандын президенти санкциялардын улантылышынан жана тараптардын өз милдеттенмелерин аткарбагандыгынан улам, келишимдин улантылышынын мыйзамдуулугу жана алгылыктуулугу жок болуп жатканын билдирди жана келишимди сактап калуунун бирден-бир жолу - АКШнын адамгерчиликсиз жана мыйзамсыз санкцияларын алып салуу, андан кийин бул өлкөнүн келишимге кайтып келүүсү экенин баса белгиледи.
Ошондой эле, өлкөнүн өкмөтү парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, экинчи тараптын милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн жана санкциялардын алынышынын ордуна мындан аркы милдеттенмелерди азайтууга милдеттүү экендигин белгилеп, “Эгер санкциялар алынса, анда биз келишимдин алкагындагы милдеттенмелерибизди толугу менен аткарабыз”, - деди.
Мындан тышкары, Рухани аймактагы тынчтыктын жана туруктуулуктун маанилүүлүгүнө жана чет элдиктердин катышуусу жана терроризмдин жайылышынан келип чыккан кризистерге токтолуп, терроризмдин жайылышын аймактын өткөн, азыркы жана келечектеги эң маанилүү чакырыгы деп атап, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмди жок кылуу бардык өлкөлөрдүн конструктивдүү кызматташуусу менен гана мүмкүн болорун айтып өттү.
Иран Ислам Республикасынын президенти өлкөнүн демилгелерине, анын ичинде аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту жана бейпилдикти камсыз кылуу боюнча Хормоз тынчтык планына токтолуп, Йемен көйгөйүн чечүү жана гуманитардык катастрофаны токтотуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Рухани Меркель менен телефондогу сүйлөшүүсүндө, Иран менен Германия мамилелеринин тарыхый негиздерине жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди, айрыкча экономикалык жана соода мамилелери жаатындагы мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү аракеттерине жана бул тармакта бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу зарылдыгына токтолуп өттү.
Германиянын канцлери Ангела Меркель дагы өзөктүк келишимди эл аралык келишим катары сактоо, пикир келишпестиктерди диалог жолу менен чечүү жана аймакта коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо үчүн эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
-0.01
EUR
102.40
+0.59
KZT
0.20
+0.05
RUB
1.15
+1.42
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
-8°C Москва
-11°C Нур-Султан
-1°C Бишкек
 0°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
+4°C Ташкент