• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
65 Категория: Главные новости - Published: 13/01 - 14:12

Ирандын президенти Хасан Рухани Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайлангандыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди. Рухани Жапаровду президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Рухани Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан өнүгүү, прогресс жана коомдук жыргалчылыктын баскычтарын тездетет деген ишенимин билдирди.

"Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизинде Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасы экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, эки тараптуу мамилелерин мындан ары дагы өнүктүрөт", - деп айтылат телеграммада.

Ирандын президенти Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык каалады.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент