• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1 Категория: Главные новости - Published: 13/01 - 11:10

Иранда Куба мамлекети чыгарган вакцинаны сайуу жазга чейин башталат.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын коронавируска каршы күрөшүү комитетинин башчысы Мустафа Гани өлкөдө 6 же 7 компанияда вакцина өндүрүлө баштаганын жана кубалыктардын катышуусунда Иранда өндүрүлгөн вакцинанын үчүнчү фазада сыналышы ушул жылдын жаз айларында башталарын билдирди.
"Кубалыктардын катышуусунда Иранда чыгарылган вакцина биринчи этапта Кубада 56 адамга, экинчи этапта 100дөн ашык адамга өлкөдө сайылган, бирок үчүнчү фазада Куба менен бирге Иранда дагы бир нече миң адамга сайылат”, - деди Мустафа Гани.
Ирандык компанияларда вакцина өндүрүү башталды. Бирок, Куба мамлекети чыгарган вакцина Ирандын базарына эртерээк кирүүсү жана ошондой эле, башка вакциналар бир-эки жумада клиникалык изилдөөлөрүн баштоосу күтүлүүдө.
Вакциналардын өндүрүшүн тездетүү жана аларды дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн ортосунда бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVAX программасындагы эң маанилүү максаттарынын бири.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ)  COVAX программасынын планында биринчи этапта ар бир өлкөнүн калкынын 10 пайызы коронавируска каршы вакцина алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин, алгач бул ооруга чалдыкса каза болуп калышы мүмкүн болгон адамдар эмделиши керектигин баса белгилөөдө.
Буга чейин, дүйнө жүзү боюнча 170 эл аралык компания тарабынан 12 миллиард дозада коронавируска каршы вакцина даярдалган. Пландарга ылайык, бул компаниялардын өндүрүшү ушул жылдын сентябрь айына чейин 20 миллиард доза вакцинага жетет.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+10°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+10°C Ташкент