• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
7 Категория: Главные новости - Published: 21/11 - 12:50

Азербайжандын президенти видео кайрылуу жасап, Иранга ыраазычылыгын билдирди.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайк, Азербайжандын Президенти: "Иран биздин досубуз жана боордош өлкөбүз жана биздин өтүнүчүбүз боюнча Арменияга курал жөнөтүлбөсү үчүн жер жана аба чек арасын жапты",- деди.
Ильхам Алиев, аймактагы өлкөлөрдүн Тоолуу Карабак согушуна байланыштуу позициясына токтолуп мындай деди: "Орусия учурдагы кырдаалга нааразы болду жана мен муну билем, анткени Иран Арменияга өз чек арасынан курал-жарак жөнөтүүгө уруксат берген жок.
Ал мындай деп кошумчалады: "Иран биздин дос жана боордош өлкө жана биздин өтүнүчүбүз боюнча, Арменияга курал жөнөтүлбөсү үчүн жер жана аба чек араларын жапты. Себеби Иран азербайжандыктардын мындан да көп өлтүрүлүшүн каалабайт.
Азербайжан президенти Тоолуу Карабак согушуна байланыштуу Ирандын позициясын бир нече жолу жогору баалап, айрым маалымат каражаттарындагы бузукулуктарга карабастан, Бакунун жогорку кызмат адамдары Ирандын колдоосун дагы бир жолу тастыкташканын белгиледи.
Белгилей кетсек, жакында Азербайжандын Президенти өлкөнүн жаңы бошотулган аймактарына жасаган иш сапарында Иран менен Азербайжандын ортосундагы чек араны “достуктун чек арасы”- деп атады.
Ал эми Ирандын Жогорку Лидери Тоолуу Карабак согушу жөнүндө билдиргендей, бардык оккупацияланган аймактар бошотулуп, Азербайжан Республикасына өткөрүлүп берилиши керек эле.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент