• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
5 Категория: Главные новости - Published: 20/11 - 11:33

Кытай айрым өлкөлөрдүн гегемониясына жана бир тараптуу саясатына каршы күрөшүү үчүн Орусия менен союздаш болууга даярдыгын билдирди.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Орусиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен болгон телефондук сүйлөшүүдө айрым өлкөлөрдүн гегемониясына жана бир тараптуу саясатына каршы күрөшүү үчүн Кытай Орусия менен биригүүгө даяр экендигин билдирди.
"Кытай эл аралык мамилелерди жана эл аралык тартипти бузуп жаткан айрым өлкөлөрдүн бир тараптуу, протекционисттик жана гегемонисттик саясатына каршы биргелешип каршы туруу үчүн Орусия менен катарлаш иштешүүгө даяр",- деди Ван И.
Ал, Пекин Орусия менен болгон мамилесин жогорку деңгээлде улантууга ниеттенип жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2021-жылдан тарта АКШны башкара турган жаңы шайланган Жо Байден, Орусияны Вашингтондун жана АКШнын союздаштарынын коопсуздугуна чоң коркунуч жаратаарын эскерткен. Ал ошондой эле Кытайды да Американын башкы атаандашы деп атаган.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өттү. Алдын ала маалыматтарга караганда, Байден жеңишке жеткен, бирок азыркы президент Дональд Трамп шайлоо дагы деле бүтө элек деп ырастоодо. Ал эми буга карабастан, бир катар дүйнө лидерлери Байденди  шайлоодогу жеңиши менен куттукташты.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент