• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
5 Категория: Главные новости - Published: 19/11 - 16:29

АКШда өткөн президенттик шайлоодогу добуштарды эсептөө уланууда.

Tasnim News агенттигинин Associated Press маалыматына шилтеме берип билдиргендей, Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байденге берилген добуштардын саны 80 миллионго жеткен.
Белгилей кетсек, Байден үчүн 79 513 695, ал эми Трампка 73 601 647 америкалык добуш бергени аныкталды.
Билдирүүгө ылайык, Байден буга чейин АКШ президенттигине талапкерлердин арасында 70 миллиондон ашык добуш менен жаңы рекорд койгон. Мындай рекорд буга чейин 2008-жылдагы шайлоодо 69,4 миллион добуш менен Барак Обамага таандык болгон.
Байден: Трамптын администрациясынын мамлекеттик кызматтар бөлүмү менин шайлоодогу жеңишим жөнүндө жарыялашы керек эле,-деди.
Байден бийликти жаңы өкмөткө өткөрүп берүү кечеңдеп жаткандыгын дагы бир жолу сынга алды.
Эске салсак, буга чейин 155 миллиондон ашык добуш саналып бүткөн, учурда Калифорния менен Нью-Йоркто добуштарды саноо иши уланууда.
АКШдагы президенттик шайлоого катышкандардын саны болжол менен 65 пайызды түздү жана бул 1908-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Байден Трамптан 6 миллиондон ашык добуш алдыда, бирок АКШнын учурдагы президенти жеңилүүнү кабыл алуудан баш тартууда.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент