• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
67 Категория: Интервью - Published: 03/02 - 16:30

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата "Исхак Раззаков - Аруулук асманы" аттуу китеп жарык көрдү.

Анын түзүүчүсү: акын, жазуучу жана журналист Абдилаат Али Дооров. Китеп негизинен Раззаковдун күндөлүгүндө калтырган жана өз мезгилинде айтып кеткен асыл ойлору камтылып, замандаштарынын жана белгилүү инсандардын эскерүүлөрү киргизилген. 2020-жылы Раззаковдун 110 жылдыгы шартка байланыштуу жакшы белгиленбей калды, бирок анын жасап өткөн эмгектери кыргыздын жүрөгүндө жазылып калганы белгилүү. Ошентсе да, бул жогоруда аталган китептин түзүүчүсү Дооров менен кыскача маек курдук.

- Абдилаат агай, саламатсызбы? Сиздин колуңуздагы Исхак Раззаков тууралуу чыгарылган китептеги маалыматтар коомчулукка азырынча жете элек. Китепте негизинен эмнелер камтылды?

- Саламатчылык. Исхак Раззаков – биздин, кыргыз мамлекетибизге өтө чоң эмгектерин калтырып кетти. Кыргыз мамлекетин түптөгөн жетекчилердин бири. Убагында бул кишинин 1990-жылы 80 жылдыгы белгиленген, 2000-жылы 100 жылдыгы белгилениши керек эле ошол жылы революция болуп кетип, анда да жакшы деңгээлде өтпөй калды. Өткөн жылы экс-президентибиз Сооронбай Шариповичтин жарлыгы 14-январь күнү чыккан эле. Бирок таажы вирусунун кесепетинен, бул маселе дагы өз деңгээлинде өтпөй калды.

Исхак Раззаковичтин бизге, кыргыз элине жасаган эмгектери өтө чоң, ал киши 3 жашында жетим калган. Тажикстандын Кожент шаарындагы мектеп интернатында тарбияланган, кийин Ташкентте окуп, андан кийин Самарканттагы училищаны бүтүп, ошол эле училищада мугалимдик кесипти аркалаган. Андан кийин Москвада окуду. Ал окууну бүтүп келип «Пландоо» комитетинде иштеди.

- Туура, бул маалыматтар эл арасында бар, бирок Сиз китепке эл билбеген кандай маалыматтарды камтыдыңыз?

- Мен, эң башкысы Исхак Раззаковичге берилген бааларды, улуу кишилердин бааларын киргиздим. Китепке биздин белгилүү тарыхчыбыз Молдокасымов Кыяз Сатарович баш сөз жазды. Кезинде Иосиф Виссарионович Сталин “Бул киши чыгыштын булбулу”,-деп атаган. Мезгилинде Мухтар Ауезов ''Силердин улуу көсөмүңөр бар экен. Мен аны Ташкентте чоң жыйында бүткүл Орто Азия ичиндеги кишилердин чыгып сүйлөгөн сөздөрүн уктум. Биздин Мухамед Кунаев сөзгө чечен, өтө кыйын киши дейт элек. Ошолордун арасында Кунаев да Раззаковдун чаңында калды. Ушунчалык сөзмөрлүгү менен, баарын айта билгендиги менен Тайбуурулдай алдыга чаап өттү”,-деп белгилеген.

Биздин ааламдык жазычуубуз Айтматов да бул кишинин сөзүн кууп жүрүп укчу экен. Албетте, жазуучу ал кезде студент болгон. Аларды жыйындар залына киргизчү эмес экен да, студент болгондуктан. Каалганын ачылып калган жеринен тыңшап укчу экен. Бул деген сөз ал кишинин биринчиден көп маалыматтуу адам экендигин, көп окуумалдыгын, өзүнүн өтө чоң чыгармачыл инсан экендигинин бир белгиси да.

Раззаков өзбек элине Маркстын капиталын, Чеховдун аңгемелерин которуп берди. Өзбекстандын чоң тарых китебин рецензиялады.

Бул кишинин бүгүнкү күндө кыргыз элибизге калтырган өтө чоң насааттары бар. Негизи анын 30га жетпеген насааттары бар экен. Биздин райондун бир кездеги акими Н.Абдуллаев чоң жазуучу. Ушул киши мени чакырып айтып калды. “Абдилаат, ушул кишинин 100 жылдыгы болуп жатат, насааттарын 100гө чыгарып бер”,-деди. Албетте, мен асмандан алган жокмун, ушул насааттарды И.Раззаков жөнүндөгү китептерди издеп, анын сөздөрүн колумдан келишинче өзүнүн деңгээлине дал келе тургандай кылып, 100 насаатты чыгардым. Бул кишинин досу Атакозу Азизов деген болгон. Өзбек жигит. Ал да Лейлектен. Ошол кишинин да насааттарын иштедим, 50 насаат. Эки достун насааты деп кичинекей китепче кылып элге бердик. Мен бул кишинин китепте балалыгынан тарта бүт өмүрүн киргизүүгө аракет кылдым.

- Агай, Сиздин китебиңиз кандай таратылып жатат, окурман журтчулугуна кандай кылып жеткирейин деп атасыз?

- Мен бул китепти 2000 нускада чыгардым. Анын баары элге кетип жатат. Жеке адамдар Нарындан, Көлдөн, Таластан Фейсбук аркылуу жазып жатышат. Мен ойлойм Исхак Раззаковдун үлгүлүү өмүрүнө кызыктар адамдар көп экен деп. Бул биздин феномен, таза жетекчибиз да. Москвага кызматтан кетип атканда бүтүндөй өзүнүн мүлкүн жетим балдар үйүнө тартуулап кеткен экен. Китептен башкасын алып кетпептир. Бул кишинин бир жакшы сөзү бар: “Белекке берген китепти окуш керек ”-дейт. Мына, биз китеп окубай калдык кийинки мезгилде. Биз бүгүн китепке кайрылсак, ушул кишилердин өмүр жолун тереңирээк окуса, билсе, Кыргызстаныбыздын дагы да даражасы артат деген ойдомун.

-  Эми Сизге оюнузду жыйынтыктоочу суроо берейин, дагы эмнени айткыңыз келди эле?

- Мен айтайын дегеним, Исхак Раззакович кыргыз үчүн кылган эмгеги чоң. Ушундай жетекчини кыргыз күтүп атат, ушундай жетекчибиз келди деп эсептейм. Ушундай ийгиликти биздин жаңы президентибизге, Садыр Жапаровго каалайм. Элибиз үчүн жаңыча эмгек кылып, элибиздин бүгүнкү күтүп аткан жетекчиси болуусун каалайт элем. Жапаровдун да жакшы сөзү бар: “Исхак Раззакович бизге үлгү”,-деген. Ошол үлгү – даражасын көтөрөт деген оюм бар.

- Рахмат!

Маектешкен А. Каракозуев.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+12°C Тегеран
-10°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент