• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
48 Категория: Интервью - Published: 26/01 - 17:28

Кыргызстанда чыгыш таануу адистерди даярдаган менен атайын институт катары ачылып, иштеген эмес.

Бирок быйыл Ош мамлекеттик университетинин алдында Чыгыш таануу илимий изилдөө институту ачылып, ишин баштады. Алдыда бул институт чыгыш өлкөлөрү тууралуу илимий изилдөө иштерин эле жүргүзбөстөн, ал жактан кыргыз тарыхын изилдеген кыргыз адистерди даярдап чыгышат. Ошондой эле институт Кыргызстанга инвестиция тартууда комплекстүү иштерди аткарууга жөндөмдүү болот. Бул жаатта аталган институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев менен болгон маекти  сунуштайбыз.

-Жолдошбек мырза айтсаныз, Кыргызстандагы чыгыш таануу адистиги боюнча институт иштебегендиги эмнеге байланыштуу болуп келген?

-Чыгыш таануу адистиги бул – Кыргызстандагы мамлекеттик окуу жайларда 1992-жылдардан бери ар кайсы жогорку окуу жайдын курамында, ар кандай деңгээлде, мүмкүнчүлүгүнө жараша даярдалып келген. Бирок тилекке каршы, Эгемендүүлүктү алганыбызга 30 жылдай болуп калса да, өз алдынча Чыгыш таануу илимий изилдөө институтубыз жок эле. Биз, Ош МУнун курамындагы Эл аралык мамилелер факультетинин алдында, Чыгыш таануу кафедрасын 2016-жылы ачып, ошондон баштап төрт жылдан бери иштеп, университеттин базасында атайын адистерди даярдап келдик. Бирок Кыргызстанда жогоруда белгилеп кеткендей, Чыгыш таануу Илимий изилдөө институту жок болчу. Жакында Ош МУнун алдында өз алдынча структура катары, Чыгыш таануу илимий изилдөө институтун түздүк. Анын иш планын бекитип, абдан чоң пландарды карап жатабыз.

-Кечиресиз, Чыгыш таануу илимий изилдөө институту Чыгыштагы бардык өлкөлөрдүн маданиятын, адабиятын, дегеле бардык тармагын изилдеп, үйрөтө турган институт болуп атат да, туурабы?

-Туура, Казакстан, Өзбекстан республикаларында Чыгыш таануу  институттары бар. Мисалы, Өзбекстанда XIX кылымдан бери иштеп келет. Бирок жападан жалгыз Кыргызстанда гана бул жок болчу. Улуттук илимдер академиясынын курамында “Азия-Африка” өлкөлөрүн изилдейт деген атайын институт кыска убакытка жашап жок болгон. Мурда каржылык мүмкүнчүлүктөргө жараша ачылбай жатат деген жоопту берип келишкен. Бирок Кыргызстанга ушундай институт керек деп бир жыл башта социалдык тармактар, телеканалдар аркылуу коомчулукка жарыя кылганбыз. Биздин өлкөдө эртеби-кечпи, кайсы университеттин курамында болбосун, же улуттук илимдер академиясынын алдында болобу ал мааниге ээ эмес, бирок Чыгыш таануу илимий изилдөө институту ачылып, Чыгыш өлкөлөрү менен тыгыз иштешишибиз керек болчу. Азыр эми ачылып, илимпоздордун эмгеги менен илимий долбоорлорду жазып, чоң суммадагы инвестицияларды алып келип, өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүүсүнө, салым кошот деп турабыз.

-Макул, ачылыптыр. Бул институт Кыргызстанга дагы эмне берет?

-Мен жогоруда белгилеп өткөндөй, бизде кадрлар жетиштүү. Биз азыр Чыгыш өлкөлөрү боюнча үч багытка бөлүп иш алып барууну пландап жатабыз. Араб мамлкеттери менен тыгыз кызматташып, ири суммадагы инвестицияларды тартуу биринчи орунда болсо, экинчиси Корея Республикасы. А жакта биздин ата мекендик кадрларды, окумуштууларды узак жана кыска мөөнөткө билимдерин жогоруулатууга жөнөтүшүбүз керек. Үчүнчү Япония. Күн чыгыш өлкөсүнөн биз жеңил өнөр жай тармагындагы жана IT технологиялар боюнча адистерди Кыргызстанга алып келип, бизде билим берүүгө тартууну көздөп жатабыз. Булардан сырткары, дагы бир максат – Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда араб, чагатай, фарсы тилиндеги орто кылымдардан бери кечээки XX кылымдардын башына чейинки абдан баалуу эмгектер жатат. Аларды окуй турган адистердин саны адбан ченелүү. Биз даярдап, ошол араб, чагатай, фарсы, эски кытай жазууларын окуй турган ата мекендик адистер, алган билимдерин илим аркылуу ишке ашырып, илимий долбоорлорду жазып, инвестиция тартса болот деп атабыз.

-Сиздердин институт мындан ары дагы кандай иш алып барат? Студенттерди кабыл аласыздарбы? Программалар түзүлдү деп атасыздар, аны кантип ишке ашырасыздар?

-Ушул жерден бир нерсени тактап коюш керек. Ош МУнун алдында Чыгыш таануу жана тарых факультети бар. Анын курамында Чыгыш таануу деген кафедра бар. Алар Чыгыш жана Африка таануучуларды 2017-жылдан бери окутуп келе жатат. Быйыл алгачкы бүтүрүүчүлөрдү чыгарабыз. Ал эми бул институт абитуриенттерди кабыл албайт. Азырынча илимий долбоорлор менен иш алып барат. Таза илим тармагында алектенебиз. Илимий долбоорлорду жазып, инвестицияларды алып келебиз. Идея боюнча же мыйзам боюнча деле кайсыл гана илим болбосун, ал – өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кызмат кылыш керек. Эгерде анын өлкөнүн өнүгүүсүнө пайдасын тийгизбесе, ал илимдин Кыргызстанда кереги жок болуп эсептелиши керек. Азыр биздин мамлекетте 70ке жакын ЖОЖдор бар. Канчалаган институттар, коллеждер бар, туурабы?

Бирок алар өлкөнүн өнүгүүсүнө канчалык деңгээлде салымын кошуп атат? Же алар жөн гана студенттердин контрагынан мугалимдердин айлыгын берип, аларды багып атабы? Ошону менен чектелип атабы? Мындай ЖОЖдор абдан көп. Бирок биз айтып атабыз, биз, Чыгыш таануу илимий изилдөө институтунун жардамы менен тиги Чыгыш таануу адистигинде окуп бүткөндөрдү ата мекендик кадр кылып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, окумуштууларды даярдашыбыз керек. Мына, кошуна мамлекеттер азыр анын үзүрүн көрүп атышат.

Тагыраак айтканда, мисалы Өзбекстан Корея Республикасы менен тыгыз байланышта иштеп жатат. Казакстандын Кытай менен кызматташуусу абдан жакшы. Буларды жалпы коомчулук абдан жакшы билет. Ооба, биз кытай тилин үйрөтүп, адистерди даярдап жатабыз. Бирок, тилекке каршы, Кытай мамлекетине барып, мамлекеттик архивинде жаткан биздин тарыхты изилдей турган адистер чыкпай атпайбы. Андай адистерибиз бар, бирок абдан саналуу да. Биз кардрларды даярдаганыбыз менен алардын көпчүлүгү өз кызыкчылыгына иштеп жатат. Тилекке каршы мамлекеттин кызыкчылыгына, илимге салым кошкондор дээрлик жок болуп атпайбы. Бул албетте, өкүнүчтүү деп айтсак болот.

-Рахмат, маегиңизге.

Маектешкен Асанбек Каракозуев

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+7°C Тегеран
-10°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент