• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
547 Категория: Интервью - Published: 13/12 - 12:54

Азыр Кыргызстандын бардык аймактарында диний радикалдашууну алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп жатат.

Анын алгачкы этабында Ош шаары жана облусу камтылса, кийин Баткен жана Жалал-Абад облустарында жүргүзүлөт. Радикалдашууга каршы туруу үчүн элге жана дин өкүлдөрүнө түшүндүрүү максатында Ички иштер министрлиги 44 миңден ашык таркатма баракчаларды чыгарды. Аларды элге таратып, мамлекет тыюу салган агымдардын идеологиясына азгырылып кетпөөгө чакырып жатышат. Дегеле азыр Кыргызстанда диний абал кандай? Бул тууралуу КР ИИМинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Манас Аманбаев ой бөлүштү.

- Манас мырза, азыр Кыргызстандагы диний абал кандай?

- Негизи азыркы учурда Кыргызстандын аймагында диний кырдаал жалпысынан алганда туруктуу десе болот. Бирок ага карабастан, интернеттеги социалдык тармактарда жүрүп жаткан диний экстремизмге же террордук уюмдардын идеологиясына ыкталган чакырыктар же болбосо, радикалдуу көз караштагы ой-пикирлер, ар кандай материалдар көп байкалып, көп жүргүзүлүп жатканын көрүп атабыз. Ушул жаатта бир аз алдын алуу, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү керектигин айткым келет. Жалпылап алганда бүгүнкү күндө экстремизм менен терроризмди алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү менен биргеликте диний экстремисттик топтордун мүчөлөрү менен жана алардын ишмердүүлүктөрү менен Ички иштер министрлиги системалык түрдө такай күрөшүп келаткандыгын айтууга болот.

- Эл арасында жана диний тармактын өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин кандай жүргүзүп жатасыздар?

- Кыргызстанда 2014-жылдан 2020-жылга чейинки “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жөнүндөгү” консепциясы кабыл алынган. Анын алкагында, биз өлкөнүн бардык аймактарында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери менен, мугалимдер жана диний кызматкерлер менен, дегеле ошол, экстремизм менен терроризмди алдын алуу иш-чараларында өзүнүн салымын кошуп жаткандар менен иштешип келатабыз. Алар менен азыр чоң иш-чара жасалып жатат. Ал – Кыргызстандын бардык аймактарында алдын алуу, түшүндүрүү иш-чаралары жүрүп жатат. Бул нерсени эмнеге жасап жатабыз? Анткени жогоруда айтылгандай, социалдык тармактардагы таралып жаткан маалыматтар же болбосо, радикалдуу көз караштагы чакырыктар, биздин жаштарыбызга терс таасирин берип калбасын деп жана адамдар КРда тыюу салынган экстремизм менен террордук уюмдардын идеологиясына кабылып калбаш үчүн, ушундай аракеттерди жасап жатабыз. Бүгүнкү күндө иш-чарабызды Ош шаарында жыйынтыктап, облустун аймагына чыктык. Андан соң Баткен, Жалал-Абад облустарын кыдырып, андан соң Түндүк аймагыбыздагы облустарга барабыз.

- Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган 20га жакын диний уюмдар бар эмеспи, алардын кооптуулук жаратуу жагынан картина кандай көрүнүп турат?

-Азыр байкап атсаңыз деле керек, биздин жарандарыбыз, биздин элибиз, өзгөчө биздин ушул диний чөйрөдөгү адамдар дейбизби, маалыматтардын жетишсиздигинен же алардын кайсы бир маалыматты туура кабыл албаганынан экстремизм менен террордук уюмдардын идеологиясына кабылып калганын же ошол жакка көз карашын, радикалдык ой-пикирин ошол багытка негиздеп жүргөндөрү байкалып жатат да. Ошондуктан биздин бирден бир аткарган иштерибиздин максаты да аларга мамлекеттин саясатына шайкеш келе турган туура жана так маалыматтарды жеткирүү болуп саналат. Азыр Кыргызстандын жалпы аймагында туура маалыматтарды жеткирүү багытында бир канчалаган материалдарды даярдап келдик. Анын жалпы нускасы 44 миңге жакын. Ушунун баарын өлкө аймагына таратабыз. Ал маалымат булактарында эмнелер бар? Анда салафийлик, Хизб-ут-Тахрир, Йакын-инкар, Акрамия сыяктуу, биздин мамлекетте тыюу салынган ошол 19 диний уюмдарынын ишмердүүлүгүнө тартылып кетпөө максаты көздөлгөн, мамлекеттин саясатына ылайык келген атайын маалыматтар камтылган. Ошол материалдардын негизинде биздин презентацияларыбызды, семинарларыбызды, жолугушууларыбызды, конференцияларыбызды өткөрүп келе жатабыз.

- Диний экстремизм менен терроризмге чакырган күчтөр интернет тармагында күчөгөнү талашсыз. Ушул жаатта кандай күрөштөр жүрүп жатат?

- Социалдык тармактар аркылуу таратылып жаткан маалыматтардын артында “жалган маалымат тараткандар” турат. Ошол үчүн жарандарыбызга айтып кетишибиз керек, интернетке чыккан диний же башка маалыматтар болобу же мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, элибиздин коопсуздугуна доо кете турган маалыматтарды алып окуудан, аларга кандайдыр бир пикир калтыруудан же аларды бөлүшүп коюудан алыс болууга чакырат элек. Анткени алар далилденбеген, тастыкталбаган, ишенимсиз маалыматтарга биз ишенип албашыбыз керек. Бул үчүн эмне кылып атабыз? Бүгүнкү күндө  социалдык тармактарда тийиштүү профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Соцтармактардагы фейк аккаунттар жана экстремисттик маанайдагы сайттар менен биздин атайын бөлүм иштешип келет. Бул жылдын жыйынтыгы менен айтканда, 78 экстремисттик сайт соттун чечими менен жабылды. Андан сырткары, бир канча аккаунттарга дагы ошондой тыюуларды салып, чектөөлөрдү киргизип атабыз. Ошондой эле “Он-лайн патрул” деген долбоорубуз бар. Жаштардын арасында ватсап группалар аркылуу, расмий фейсбук баракчабыз аркылуу ошол балдар менен биргеликте, өзгөчө студенттер жигердүү катышып, терс көрүнүштөргө же экстремисттик идеологияга чакырык жасаган материалдарга каршы өзүбүздүн пропагандалык материалдарыбызды жүктөп, коомчулукка таратып жатабыз.

-Рахмат маегиңизге

Маектешкен: Асанбек Каракозуев

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент