• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
20 Категория: Интервью - Published: 04/12 - 16:06

Буга чейин белгилүү болгондой, Пакистан мамлекети, медицина кызматкерлерин даярдап чыгарган дүйнөдөгү бир канча өлкөлөрдүн ЖОЖдорун “кара тизмеге” киргизген.

Анын арасында Кыргызстандын да университеттери бар болчу. Бирок 2 жума башта төрт университетти кара тизмеден чыгарган. Алар: Ахунбаев атындагы мамлекеттик медакадемиясы, Кыргыз-Россия славян университети, Медицина боюнча эл аралык жогорку мектеп жана Ош мамлекеттик университети. Биз, Ош МУнун ректору Кудайберди Кожобековго микрофон сунуп, окуу жайдагы медицина кызматкерлерин даярдаган билим берүү тармагы тууралуу сурадык.

- Пакистан бир канча мамлкеттердин медицина факультеттерине байкот жарыялап, өздөрүнүн “кара тизмесине” киргизген эле. Алардын ичинде Кыргызстандын да медициналык окуу жайлары бар болчу. Бирок кийин кайра бир тобун чыгарган. Анын арасында Кыргызстандагы 4 окуу жай менен келечекте иштеше турган болгону маалымдалды. Эми сиз жетектеген Ош мамлекеттик университети тууралуу сөз кылалы, анткени ОшМУ да Пакистандын бул жааттагы “кара тизмесине” кирген болчу. Эмне, Ош МУ жакшы окута алган эмес беле?

-Ооба, акыркы 3, 4 жума мурун ушундай маалыматтар чыккан. Пакистан өлкөсү Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларларында медицина багытындагы окугандарды кабыл албайт деген сыяктуу кабар тарады. Чындыгында бул нерсе коомчулукта бир топ резонанс жаратып ийди. Бир топ ЖМКлар маалыматтарды ар кандай форматта чыгарышты. Биз дагы тиешелүү жоопторубузду айтык.

Негизи ошол Пакистан мамлекетинин элчилиги ошол маалымат чыккандан кийин булар акыркы чечимин кабыл ала элек болгонбу, биз маалыматтарды берип, анан расмий түрдө бизден ушул унивеститеттеги түзүлгөн шарттар, материалдык техникалык база деп бардык бир топ суроолордон турган сурамжылоосун жиберишкен. Биз анысын толтуруп, кайра жибердик. Андан сырткары, биздин министрлик дагы атайын комиссия түзүп, Кыргызстандагы бардык, чет өлкөлүк медициналык адистиктерди даярдаган университеттерге атайын комиссия жиберип, он-лайн окулуп жаткан иш ыргагын, түзүлгөн шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү көрүп кетишкен. Ошонун негизинде Пакистан биринчи ошол 4 университетти кайрадан ошол өздөрүнүн сайтына коюп, “кара тизмеден” чыгарылды деген мааниде кайра мүмкүнчүлүк берди. Бул албетте, биздин ар бир университетте, ар бир окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, Эл аралык деңгээлдеги эрежелерге, нормаларга жооп берет. Биз ошол талаптарга жооп бергендиктен, кадимкидей эле кайрадан ушул маалыматты тастыкташты. Башкача айтканда, мурунку маалымат толук изилденбей туруп шашылыш чыгып кеткен болушу мүмкүн. Бирок албетте, бул окуу жайлардын имиджине сөзсүз таасир этет.

- Бирок, Пакистан бул жактан окуп барган студенттеринин билим деңгээлин текшергенде, алардын 90 пайызынын билим дээңгели начар чыкты деп атпайбы?

-Эми ошол дагы жалпы маалымат болуп калды. 90 пайызынын билими начар дешиптир. Биздин университеттен бүткөн бүтүрүүчүлөрүбүз менен кабарлашып турдук да. Пакистандын сайтына кирип, текшерип чыкканыбызда биздин бүтүрүүчүүлөр дээрлик 60, 70 пайызы биринчи жолу тапшырганда эле жакшы жыйынтык менен өткөнү маалым болгон. Ошого айтканым, алар биринчи айтылган маалыматтар шашылыш жарыяланып калса керек, мүмкүн кайсы бир университеттин фонунда жыйынтык чыгарып алышкандыр деп. Мына эгер ушул окуу жайда, ушундай жыйынтык болуп жаткан болсо, демек бул мамлекттин бардыгында ушундай болушу мүмкүн деген шашылыш жыйынтык чыгарып алган болушу ыктымал. Биз ошол күмөндү жараткан суроолордун баарына тастыктоочу документтер менен жоопторду бергенден кийин Пакистан тарап кайрадан биздин университетти кара тизмесинен чыгарды. Албетте, бул чет өлкөлүк студенттер окуган окуу жайлар бизде көп. Мисалы, ал жыйырмага жакын болушу мүмкүн, бизде буга чейин Пакистандан келип окуган студеттердин саны деле көп болгон эмес. Көпчүлүгү Индия жана башка өлкөлөрдөн келгендер. Бирок мен ойлонуп атам, эми Пакистан ушундай чечим кабыл алгандан кийин келечекте ал жактан биздин университетке которулуп келем деген каалоочулар көбөйүшү мүмкүн деп.

- Пакистандык студенттер эмнеге Кыргызстанга келип окуп жатышат? Билим берүү тармагынын адиси катары жооп берсеңиз, алар эмне үчүн  Кыргызстанды тандап атышат?

- Негизи  алар дүйнө боюнча көптөгөн мамлекеттерге барып окушат. Ошонун ичинде мына Кыргызстанда дагы, анын ичинде Ош шаарына да келип окуйм деп кызыккандар өтө көп. Мен ойлойм, мүмкүн биздин табиятыбыздан баштап, жашоо шарт, анан албетте, бизде контракттык төлөм да, бизде чоң сумма деп эсептелгени менен, алардын деңгээлинде, Эл аралык деңгээлде арзан болушу мүмкүн да. Ошол үчүн тартылышы мүмкүн. Анан көпчүлүк келип окуган студенттер, бул жакка келип окуган студенттер биздин ошол өзүбүз байкабаган, кадырына жетпеген деп айтабызбы, ушул мүмкүнчүлүктөрүбүз, шарттарыбыз, агып аткан сууларыбыз, жаратылышыбыз, бардыгы биздин мамлекетке тартып атат. Экинчиден, алар билип калышты университеттер, мисалы кайсы университеттер деп интернеттен сайтка киргенде, биринчи көрө турган текшере турган документи ал университеттин каерде жайгашканы эмес, университет кандай билим берет, Эл аралык стандарттарга жооп береби, унивеситеттерде окуган студенттердин дипломдору Пакистанда таанылабы же башка чет өлкөлөрдө таанылабы деген суроолорго биринчи жооп издешет да. Биринчи кезекте биздин ушул тизмеде тургандыгыбыздын негизи критерийи катары бул биздин ошол дарылоо иш адистигинин окутуучу лицензиябыздын бар экендиги, экинчиден биз ошол адистиктерди жалпы эле университеттин Эл аралык аккредитациядан өткөндүгүбүз негизги критерий. Ушулардан улам Кыргызстанды тандап жатышса керек.

- Медициналык билим берүүңүздөр Эл аралык аккредитациядан өтүп жатканда талаптардын баарына жооп бергенби?

- Албетте, бардык окуу жайлар, кайсы бир программаны окутуш үчүн, биринчи кезекте кабыл алууга лицензия алышат. Ал эми диплом бергенге укук алыш үчүн ошол аккредитациядан өтөт.  Аккредитация институтун мурда мамлекеттик аттестация болгон, ар бир беш жыл сайын окуу жайлар мамлекеттик аттестациядан өтүп жүргөн. 2017-жылдан баштап законго өзгөртүүлөр киргизилип, ошол мамлекттик аттестация деген институт – көз карандысыз аккредитация деген институтка өзгөргөн. Бул эми баягы мамлекет өзү лицензия берип, анан сапатын өзү текшерген туура эмес болуп калат деп жана сапатты эч кимге көз каранды болбогон уюмдар келип текшерсин деген логика мнен өзгөртүлгөн. Экинчи маселе, ошол биздин билим берүү министрлигинин реестринде көз карандысыз аккредитациялык агентиктер тизмеге катталат. Ошол реестрде менимче 5-6 аккредитациялык агенттик бар. Ошол агенттиктерден өткөн окуу жай 5 жылга чейин билим берүүнүн стандарты сапаты тастыкталды деп эсептелет. Ал эми чет өлкөлүк студенттер эмнени карайт? Алар биз өткөн аккредитациялык агенттиктер чет өлкөлүк реестрлерде болуш керек да, мисалы ошол агенттиктин өзүн каерден тааныйт? Кыргызстан деле таанылабы же башка чет мамлекеттер да тааныйбы деген сыяктуу суроолорго карашат. Биздин университет Кыргызстанда биринчи болуп, Эл аралык деңгээлде таанылган агенттиктен аккредитациядан өткөн. Ушул өткөн аккредитациябыз бул жерде чет өлкөлүк студенттер үчүн өтө маанилүү. Себеби кайсыл агенттиктен өттү дегенден кийин алар дүйнөлүк медициналык ассоциация, ошол ассоциациянын өзүнүн тизмеси бар, биз дүйнөлүк медициналык мекемелер ушул тизмедеги агенттиктерден өткөн университеттердин гана бүтүрүүчүлөрүн тааныйбыз деген.

- Азыр билим берүү кандай жүрүп жатат? Пакистандан келген студенттер ушул жердеби же алар өзүнүн өлкөсүндө жашап атабы? Окуу процесси кандай жүрүп жатат?

-Азыр чет өлкөлүк студенттер өз мекендеринде, анча-мынча 10 пайызы гана кетпей калып, ушул жерде болушу мумкүн. Бизде баягы жергиликтүү студенттер сыяктуу эле бардыгы он-лайн режимде окуп атышат. Кечээ эле келген ошол комиссия биздин онлайн окуу процессин уюштурууну көрүп, абдан ыраазы болуп таң калып кетишкен. Себеби, алар жанына келип, үч жүздөй Индиядагы студенттер биздин бул жердеги окутуучу сабак өтүп аткан процессти көрүп, эмнеге тартып кетишти. Бул биздин бүгүнкү күндөгү универитеттеги ушул санарип технологияларынын жардамында окуу процессин толугу мнен онлайн системасында ошол студенттер ата-энелери канааттанган деңгээлде уюштуруп жатабыз.

- ОшМУ карантин убакта калып калган студенттерге кандай жардам бере алды?

- Эми бул өзүнчө бир маселе болду чындыгында, баягы биз январь-февраль айларынан баштап онлайн билим берүүгө өткөндөн баштап, биз дээрлик алар өз өлкөсүнө кеткенге чейин өтө курч кырдаалда иштештик. Аларды толугу менен бирөөсүн да оорутпастан тамак-ашын камсыздап берип, ошого тиешелүү жардам берген кишилер аркылуу тынбай көзөмөлдөп турдук. Акырында ошол дээрлик бардыгын өз өлкөсүнө эсен-аман жөнөттүк. Ал эми анча-мынча калгандары бар, алар өздөрүнүн батирлеринде жашап атышат. Азыркы күндө аларда маселе жок. Негизги маселе – ошол биринчи пандемия башталган мезгилде болгон. Азыр баары жакшы.

- Кошумча эмне айта аласыз?

-Эми, Пакистан ушундай кылыптыр деп ызы-чуу көтөрүлүп кетти. Бирок азыр кайра ордуна келди. Чет өлкөлүк студенттер бизге келишсе, окуу жайга эле акча алып келбейт, алар тирүү жүрүшкөн чоң инвестиция. Чынында аларга өтө аяр мамиле кылышыбыз керек. Анткени чет мамлекеттен келип, бул жакта жашап, таксиге түшүп, кийинип, азык-түлүк сатып алышат. Мунун баары ошол жергиликтүү элге келген акча, ошолорго сырттан келген инвестиция деп айтсак болот. Ошол үчүн бир эле университет эмес, жалпы коомчулук өтө этият болуп, аларга жакшы мамиле кылышыбыз керек. Бапестеп карап, жакшы окутуп, өзүбүздү аларга таанытып, үйрөтүп, кайра өз өлкөлөрүнө жакшылап узатып коюшубуз керек.

Маектешкен Асанбек Пазыл.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент