• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
13 Категория: Интервью - Published: 17/10 - 12:34

Акыркы учурда айрым араб өлкөлөрү көп жылдар өткөн соң, кайрадан Израиль менен мамиле-байланыштарын жандандырышууда.

Алардын ичинде биринчилерден болуп БАЭ, Бахрейн, Судан жана Катар менен Сауд Аравиясы дагы кезекте турушат. Израилди таануу жана алар менен мамилелерди жөнгө салуу бул - араб өлкөлөрдүн талаш-тартыш болгон Палестина маселесин унуткаруу менен барабар жана бир сөз менен айтканда, Палестина жерлерин Израилдин карамагына алдырууга макулдук берүү болуп саналат.

Бул чөйрөдөгү маселелер боюнча “Евразия Тудей” агенттиги Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт, Кыргызстандын Стратегиялык анализ жана божомол институтунун (ИСАП) мүдүрү Аман Салиевге бир канча суроолор менен кайрылды.

- Айрым араб өлкөлөр бир канча убакыттан кийин кайрадан Израиль менен экономикалык-дипломатиялык байланыштарын жандандырышууда. Сиздин оюңузча бул нерсеге эмне себеп болду?

- Белгилүү болгондой, бул маселе Америка президенти Трамптын “Кылымдык келишим” деп аталган долбоорунун алкагында “Израиль-Палестина мамилелерин жөнгө салуу” максатында башталган. Ал эми долбоордун куратору болгон Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча  Жогорку кеңешчиси жана күйөө баласы Жерад Кушнер маселени өз көзөмөлүнө алган. Албетте, анын позициясы Израилди жактоо менен “Ири Израиль” алкагында анын чегараларын кеңейтүү маселесин аркалаары белгилүү. Андыктан, Жерад Кушнер бул долбоордун алкагында араб өлкөлөрүнүн жетекчилери менен диалог жүргүзүп, натыйжада ал өлкөлөрдү Трампты колдоого жана Израиль менен дипломатиялык мамилелерин жандандырууга ыраазы кылган. Эң биринчилерден болуп БАЭ, Арабстан өлкөлөрү макул болгон соң, Бахрейн дагы аларды ээрчиди. Албетте, АКШнын Бахрейндеги аскердик базасынын иш алпаруусу менен Бахрейндин бул сунуштан баш тартуусуна жол берилбейт эле. Катар дагы Жерад Кушнер менен болгон ири соода алакасын четке кага албастан, макул болууга аргасыз болмокчу.
Кыскасы, бул маселе Перс булуңунун Ак үй жана анын күйөө баласы менен болгон соода жаатындагы жана башка ички кызматташууларга байланыштуу жанданган.

- Бул мамилелердин натыйжасы кандай болоору күтүлүүдө жана дагы кайсыл араб өлкөлөрү Израиль менен байланыштарын жандандырууга барышат?

- Мамилелер кандай натыйжага алып келээри  боюнча ар кандай ой-пикирлер бар. Биринчиден, Палестина темасына тиешелүү. Кандай болгондо да ушул жана ушуга окшош долбоорлор геосаясий жаатта Палестина маселесин алсыздатууга багытталганы белгилүү.  Албетте, башка араб өлкөлөрү дагы Израиль менен байланыштарын жандандыруулары күтүлөт. Мисалы, Катар дагы кезекте турат жана Сауд Арабиянын чечимин аркалашы мүмкүн.  Катар менен Сауд Арабиянын  ата-бабалары Бану Тамимден таралган соң, бул маселеде Перс булуңунун өлкөлөрү монархиялык байланыштары менен белгилүү.

- Айрым ЖМКалар жаңы мамилелер Американын келээрки президенттик шайлоолоруна түздөн-түз таасир тийгизээрин айтышууда. Сиздин оюңуз кандай?

- Менин оюмча АКШнын президенттик шайлоолоруна араб-израилдик мамилелердин таасири анчейин деле эмес. Албетте, Америкада турушкан Палестинаны колдоочу диаспорлордун Трампка карата ачуусун арбытышы мүмкүн. Бирок Американын президенттик шайлоолоруна мындан башка башка маселелер таасирдүү болушу күтүлөт.

- Араб-израилдик мамилелердин жандануулары кандай пайда жана кандай зыяндарга алып келиши мүмкүн жана Ислам өлкөлөрүнүн буга карата абалы кандай болот?

- Бул мамилелер бирөөгө пайда алып келсе, башкаларына зыян алып келиши белгилүү. Бул жерде ким кимдин тарабында экенине көңүл буруу керек. Ал эми Ислам өлкөлөрү же тагыраак айтканда, мусулман жамааттары бул маселеге кандай жооп бере алышат деген суроого мен алгач алардын жагдайын тактап кетээр элем; Сирия, Йемен, Ооганстан, Пакистан жана башка ушуга окшош согушту, ачарчылыкты башынан өткөрүп жаткан мусулман өлкөлөр кандай жооп кайтара алышат? Алар өздөрүнүн диний акыйдаларына таянышып, өлкөнүн ички ресурстарын каржылоо менен бул маселеге каршы тура алышабы? Анткени учурда ушул өлкөлөрдө ички кырдаалдар күч алууда жана мусулмандар дагы айрыкча  ички маселелери менен алектенишүүдө.

- Келечекте “Палестина жерин коргоо” маселеси учурдагы араб-израилдик мамилелердин өрчүшү менен кандай каралмакчы?

- Палестина маселеси Ислам дүйнөсүндөгү жана христиан дүйнөсүндө да акыйдалык маселеге байланыштуу. Ал эми Трамп Америкадагы христиандык-иудейлик диний багытка жакыныраак десек болот. Ал эми алардын ишенимдери боюнча  жакын арадагы “Израиль өлкөсүн” пайда кылуу Трамптын өз долбоорун жыйынтыктоосу менен барабар.  Албетте, израилдиктер жана еврейлер канчалык христиан акыйдасын кабылдабаганы менен алар тараптан болгон кандайдыр бир жардамдарга ыраазы болуп кабыл алышат. Ал эми неохристиандардын акыйдасында Израилдин пайда болуусу менен долбоор  өз ишин аяктап, мусулмандардын да аягына алып келмекчи.
 

Бул жерде классикалык христиаиндар эмес, азыркы учурдагы геосаясатка жигердүү катышкан АКШ жана Европадагы шумкар неопротестанттар деген мааниде. Ал эми иудейлер менен неохристиандар акыйдасы ар башка болгону менен Израилди пайда кылуу деген максатта биригишет. Мындайча айтканда, диний ишеним жактан алар Израилдин турукташуусу менен ой-максатына жетип, “даңазалуу доор” келээрине ишенишет. Ал эми геосаясый жактан караганда бул маселе албетте, дүйнөдөгү кыраадалды күчөтөөрү белгилүү. Ансыз деле Жакынкы Чыгыштагы согуштар, чыр-чатактар токтобой жатканда, бул ортодогу араб-израилдик тирешүүлөр эч кандай жакшылыкка алып келбеси анык.

Маектешкен: Каныкей Жаманкулова.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент