• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
43 Категория: Мнение эксперта - Published: 10/08 - 13:12

Өз тагдырыбызды өзүбүз чечүүгө  саясий мүмкүнчүлүк алган эгемендик жылдары ички-сырткы саясатыбызды туура  жүргүзө албаганыбыздан  мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдей албай келебиз.

Акыркы жылдары  кургуйду көздөй кулап бара жатканыбыздын бир эле негизги себеби бар. Ал кетмен чапкан ар бирибизден баштап, президентке чейинкилерде мекенчилдик сезим же болбосо өз мекенине болгон сүйүүнүн, берилүүнүн  жетишпей келе жаткандыгы. Мыйзам иштебей, салттуу эрежелер турмуштан сүрүлүп, мекенчилдик сезим мокой баштаган жерде   мамлекеттик кызыкчылык тебеленип, кылмыштуулук күчөп,  коррупция гүлдөй баштайт. Мекенчилдик сезим болбогон өлкөдө өнүгүү болбойт.

Тарыхта карасак Осмон империясы кыйрап баратканда улуттук-мекенчил көз карашты карманган Кемал Ататүрк баштаган команда Түркияны сактап калды, ошол мезгилде жүдөгөн Орусияны элин сүйгөн Петр I цивилизациянын жолуна алып чыкты, Сингапурду гүлдөткөн Ли Куан Юнун жасаган иштери, Малайзияны саздан чыгарган Махатхир Мохамад жана башка дүйнөлүк лидерлер элдин табиятындагы баалуулуктар менен дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды жана илим-билимдин жетишкендиктерин ийкем айкалыштыра алгандыгы менен ийгиликке жетишкен.

Ошол эле Европа өлкөлөрүнүн бир кылкы өнүгүп кетүүсүнүн башатында улуттук баалуулуктарын унутпай сактай билгендиги таяныч болгон. Кийинки кылымдарда ашкере демократия, либерализм  аларды да жолдон тайдырды. Азыр мекенчилдик сезим ойгонгону үчүн Украина, Грузия, Арменияда жандуу аракеттер башталып,  түрдүү реформалар коомчулук тарабынан колдоого алынып жатат.

Бизге жакын түрк туугандарды алалы, өлкө башчысынан баштап мекен, өз эли, жери жөнүндө сөз кылганда көздөрү балбылдап күйүп, жанып кетет. Өздөрүн кыйын сезген жагынан алдына эч бир элди салдырбаса керек. Түркиянын мекенчилдик идеологиясы күчтүү болгон үчүн  учурда өздөрүн дүйнөлүк держава эсептеген кайсы өлкө менен  болбосун тең ата сүйлөшүп, тиш кайрыганга жараган  дем-духу күчтүү мамлекетке айланып калды.

Ал эми бизде мекенчилдик  маселеси өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айлана албай,  көчөдөгү кыйкырыкка, ар кандай митинг, пикеттерге, анан барып түрдүү революция,төңкөрүштөрдүн негизги рычагы болуп берүүгө гана жарап жатат. Акыркы он беш жылдан бери айрым бир саясий топтор элибиздин мындай аздек сезимин өз кызыкчылыгына пайдаланып келишүүдө. Адилеттикти сүйгөн кыргыз эли саясатчыларга ишенип, эки ирет революцияга барууга батынды. Мамлекеттик өнүгүүнүн программасын сунуштоого чама-чаркы жетпеген, бийликтен көздөрү каткан бир ууч саясий топ элди эки жолу алдашты.

Интеллектуалдары, мекенчилдери тумчуккан өлкөнүн келечеги жок экенин бүгүнкү кырдаал ачык көргөзүүдө. Эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдык тарыхында кыргыз саясатчылары саткынга айланды. Жерди, сууну, кендерди сатканды мындай кой, абаны саткан абалга жетип калдык. Элибизде “Эсиң барда этегиңди жап”,- дейт эмеспи. Эсибизге келели!

Мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкты сатпай кармап калууга жөндөм-шыгы бар лидерлер так ушул улуттук-мекенчил жолду карманган агымдын ичинен гана чыгышы мүмкүн. Саткындардын арасынан чыкпайт.  Азыр эл да түшүнүп калды. Акаевдин учурунан баштап эле  жогортон таңууланган “Ачык либералдык демократиялык коом” аталышындагы жол бизге туура келбей тургандыгы тарых музейиндеги “жылаңачтанып искусство көрсөтүү” окуясы менен жыйынтыкталды.

Биз азыр ишенимдүү түрдө өнүгүүнүн улуттук-мекенчил жолуна түшпөсөк, күн сайын кечигүүдөбүз. Кыскача айтканда аны көчө саясатынан өйдө көтөрмөлөп, “кагып-силкип”, “киркогунан арылтып дегендей, жаман, терс жактарын жонуп, мамлекеттик саясатта пайдалануу зарылчылыгы бышып жетилмек турсун, убагы өтүп бара жатат. Ушул жагынан алганда алдыдагы шайлоодо элибиз мекенчил багытты карманган күчтөрдү, партияларды, ал турсун жеке талапкерлерди колдоого алышы зарыл. Алар көчө абалынан көтөрүлүп,  улуттук кызыкчылыкты коргогон,  элдик баалуулуктарды ыйык сактаган күч катары мыйзамдуу бийлик бутактарынан өз ордуларын табуусу шарт.

Мекенчилдик багыт-  туташ кризистен куткарат

Учурда өлкөбүздө саясий-экономикалык, руханий кризис уланууда. Ага кошул- ташыл таажылуу вирус оорусунун капташы абалды курчутуп жиберди.Не деген мыкты 70тен ашык  дарыгерлерден саналуу күндөрдүн ичинде айрылдык. Жалпысынан 1400дөн ашык жараныбызды, анын ичинде кайталангыс чыгармачыл, саясий ишмерлерди көз ачып-жумганча  тиги дүйнөгө узаттык. Бул аппаат бизге эле  эмес, дүйнө элине салган бүлүк болду. Сырткы карыздын көлөмү өсүп, аны кайтаруунун мөөнөтү  келди. Бюджеттин таңкыстыгы көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Жумушсуздук, кылмыштуулук өсүүдө. Реалдуу секторду көтөрүүгө чама-чаркыбыз жетпей жатат. Саясий коррупция элдин мүлкүн талап-тоноочу мите куртка айланды.

Кыргызстандын жайгашкан орду боюнча геосаясий  артыкчылыктарын туура пайдалана албай келе жатабыз. Кылкылдаган эли бар Кытайды рынок катары пайдалансак болбойбу? Экологиялык жактан эң таза азык-түлүк, жашылча-жемиштер бизде турса да кошуна өлкөлөргө  эмне үчүн чыгара албайбыз? Мөнгү-суулардын башында турсак да кошуналарга көз каранды болуп, жарды жашап келебиз. Башты  бийик көтөрүп табигый, руханий артыкчылыктарыбызды туура пайдалана билүүбүз керек. Кыргызстан келечекте руханий держава болууга татыктуу өлкө (Ал жөнүндө кийин өзүнчө кеп болот).

Мекенчилдик идеяны  мамлекетти өнүктүрүүнүн идеологиясына айландыруунун зарылдыгын “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев баштаган мекенчилдер бир канча жылдардан бери айтып, жазып келе жатышат. Ой-максаттарын ишке ашыруу аракеттерин көрүп келе жатышат. Эми болсо мыйзамдуу эрежеге ылайык “Таза Коом” элдик саясий партиясынын программалык багытын улуттук-мекенчил нукка ылайыктап шайлоого аттанып жатышканын жакшы жөрөлгө катары бааласа болот.   Мекенчилдик идеология аркылуу баардык тармакты көтөрүүгө болот. Ички-сырткы душмандарга таканчык бере ала турган күч ушул мекенчилдик сезим коштогон жалпы элдин деми менен байланыштуу көрүнуш.

Урматтуу замандаштар! Элибиздин эстутумундагы бай руханий казынабызга кайта турган мезгил келди.  Бабалардын нарктуу жолу гана бизди бакыт-таалайга жеткирет. Азыр заман башка, ааламдашуу процесси бизге окшогон аз сандуу элдердин айласын кетирип жаткан шартта  илим-билимге умтулуп, тарыхыбызды билип, каада-салтыбызды кастарлап, керемет тилибизди таза сактап, улуттук дөөлөт-мурастарыбыздын баркына жеткенибизде, өзүбүздү өзүбүз тааныганыбызда  гана адашуудан кутулуп,  аруулуктун, айкөлдүктүн, адилеттиктин айдың жолуна чыгабыз.

Кыргызстанда жүздөгөн саяий партиялар бар болгон менен алардын саналуу гана үчөө, төртөөсүнүн так-ачык программалары бар.  Калгандары аты болгон менен заты- максат тилеги белгисиз, белгилүү бир багытты көздөгөн программалары жок. Лидерлеринин максат-тилектери эле эптеп бийликке жетүү, жеке кызыкчылыктары үчүн бизнес жасоо. Коомубузда түзүлгөн дал ушундай абалдан улам кимдер өлкө башына келишпесин жеке кызыкчылыктарын көздөшүп, коррупцияга белчесинен малынышты. Акыры качып жоголуп, бөтөн өлкөдө тентип, акыркысы  соттолуп отурушат.

Кыйын кырдаал жаңы лидерлерди жаратат, мыкты лидерлер жакшы замандын келишине салым кошот.  Ушул жолу мекенчил күчтөр башын бириктирип,  бир канча  саясий партиялар, ар түрдүү уюмдар, жеке адамдар ушул шайлоодо аламан байгеге ат салышуу алдында турушат. Андыктан, өлкө башчысы үчүн мекенчилдик багытты кармануу менен иш алып баруу, айлана тегерегине  максатташ адамдардан турган команданы топтоо, туташ кризистен чыгууга мүмкүнчүлүк берер эле. Болбосо баягы эле “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы,”- дегендей байлар, ОПГлар “чакурук” ташташып, добуштарды сатып алып бийликке келишкени менен жылыш болбойт.  Саясат-бизнес-криминал коюн-колтук алышып, эски саясатын уланта беришет.

Урматтуу туугандар, эскинин баарын бир силкинип күүп салалы, биримдик-ынтымакка келип, өзгөрүү-жаныланууга баралы!

Эмилбек  МОМУНОВ.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент