• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
221 Категория: Мнение эксперта - Published: 20/07 - 16:26

Биздин жашообуздун башкы мыйзамы болгон Конституциябызда так көрсөтүлүп жазылып турса, 12-берененин 5-пункту, жаратылыш ресурстары тоо-кен байлыктары бул түздөн-түз мамлекеттин байлыгы деп, бирок тилеке каршы тоо-кен байлыктардын басымдуу бөлүгү (80%) жеке-менчик чет элдик компанияларга берилип кеткен.

Ага жүйөлүү себептердин бири болуп, союз таркап кеткенден кийин, дүйнөлүк державалардын ой-максаты союз өлкөлөрүндөгү жайгашкан жаратылыш ресурстарын бөлүп алуу болуп эсептелинген. Ар кандай чет элдик коомдук уюмдар биз сиздерге жардам берели деп келип биздеги жайгашкан көптөгөн тоо-кен комбинаттарын иштен чыгарышкан. Мисалы “ПЕСАК” программасы менен биринчи кезекте көмүр өнөр жайын бүлүндүрүшкөн, Кадамжай сурьма комбинаты, Таш-Көмүр — Крисстал заводу өздөрүнүн иш аракеттерин уланта албай калышкан. Чет элдик уюмдар тоо-кен байлыктарын колго алыш үчүн мыйзам жоболорду иштеп чыгууда оңой жолдор менен алууну көздөшкөн. Жыйынтыгында, коопсуздук кеңешинин жыйынында, январь 2019-жылы, тоо-кен тармагындагы саясат мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетти деп так айтылган. Ошол коопсуздук кеңеште мамлекеттик органдарга тоо-кен тармагындагы саясатты мамлекеттин көзөмөлүнө бурууга оорчундуу тапшырмалар берилген. Биринчи кезекте “Жер казынасы” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, жаңы жоболорду иштеп чыгуу, көмүр жана нефть саясатын жүргүзүү мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү. Тоо-кен тармагынын жакынкы жылдардагы өнүгүү концепциясын иштеп чыгуу. Бул коюлган иш чараларды алдыга жылдыруу максатында тоо-кен адиси катарында өзүмдүн ой-пикирим боюнча “Жер казынасы” мыйзамы жогоруда айтылган Конституцияга жооп берген элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон мыйзам болуш керек.

Чет элдик уюмдардын, алардын таламын коргогон “МДС” (эл аралык ишмерлер кеңешинин) мамлекеттин экономикалык саясатына каршы келген, иш чараларына далилдүү, туруктуу аргументтер менен чыгыш керек. Мисалы, кыргыз жергесинде иштеп жаткан компаниялар биздин мамлекеттен акыркы (конечный продукцияны) чыгарыш керек, руда менен концентрат башка өлкөгө алынып чыкпаш керек, 2019-жылы 74 миң тоннадан ашык концентрат сыртка чыгарылыптыр, ким толук кепилдик бере алат анын ар бир тоннасы текшерилип, анын ичинде кандай кендин түрлөрү бар экенин, алардын көлөмү канча экенин? Кенге лицензия алган компания билиш керек, мисалы бул кенди ЗИФ куруп акыркы продукцияны чыгарышым керек, же болбосо сыртка чыгаруу үчүн налог төлөп калам деп. Дагы бир мисал “МДС” биздин өлкөдө түстүү металлдарды өндүрүүдө налогдор боюнча нагрузка өтө чоң, анын көлөмү 18% чейин жетет деп, ал эми коңшу өлкөлөрдө Монголия менен Казакстанда 15–16%. Бул цифраларды финансылык “Ернст-Янг” компанияын изилдөөлөрүнүн негизинде айтып жатышат. Бирок ошол эле мезгилде коңшу Тажикстанда бул сан 26% чейин жетет.

Ага карабай Англиялык, Австралиялык, Канадалык жана Кытайлык компаниялар тоо-кен тармагында өздөрүнүн ишмердүүлүгүн үзүрлүү аткарып келишүүдө. Демек, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен “Жер казынасы” жана башка мыйзамдарды Конституциянын 12-берене 5-пунктуна ылайык иштеп чыгышыбыз керек! Бүгүнкү күндө өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин маалыматы боюнча кыргыз жергесинде жайгашкан 200дөн ашык кендердин түрү бар.

Бул кендер кыргыз элинин экономикасына кандай таасир тийгизүүдө? Статистиканын көрсөткүчтөрүнүн негизинде тоо-кен тармагы 2019-жылы налог жана социалдык төлөмдөр түрүндө 12 млрд сом бюджетке бериптир, ал эми ВВП боюнча 8–10% болот экен. Бул сумма көппү же азбы? Дагы кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар? Кандай иш-чараларды жүргүзсөк дагы кошумча финансылык каражаттарды бюджетке түшүрсөк болот?

Геология агенттигин карамагындагы методикалык экспедициянын 2009-жылы жасаган эсептөөлөрүнө (оценкасына) кайрылып көрсөк (табл. 1).

Бул эсептөөлөргө 20 гана кендин түрү алынып алардын аттары, кору (запасы), чалгындоого кеткен чыгымдар, болжолдуу эксплуатациялык, капиталдык чыгымдар жана түшө турган киреше көрсөтүлгөн.

Жогоруда Табл. 1 көрсөтүлгөндөй региондордо жайгашкан тоо-кен байлыктарын иштетүүдө жалпы болжолдуу кирешенин көлөмү 83,8 млрд АКШ долл. түзө турган болсо, анын ичинен: Ысык-Көл жергесине 9,4 млрд АКШ долл.; Талас жергесине 1,5 млрд АКШ долл.; Чуй жергесине 1,8 млрд АКШ долл.; Жалал-Абад жергесине 9,2 млрд АКШ долл.; Баткен жергесине 38,4 млрд АКШ долл.; Нарын жергесине 23,5 млрд АКШ долл. Болжолдуу түшө турган кирешелерди эске алуу менен Урматтуу Президентибиз С. Жээнбековдун койгон тапшырмасынын негизинде региондорубузду, анын жыйынтыгында Кыргыз мамлекетин көтөрүп, экономикалык финансылык жагдайды чыңдап алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Ал үчүн чукул арада аткарыла турган иш-чаралар төмөнкүлөрдөн болуш керек.

1. Жогорку таблицаларда көрсөтүлгөн кендердин ичинен мамлекеттик деңгээлдеги кендердин (месторождения общегосударственного значения) тизмесин кеңейтип жаңы тизме түзүш керек.

2. Ар бир кен боюнча экономикалык эсептөөлөрдү (оценка) жасаш керек.

3. Союз учурунда чалгындоого кетирген чыгымдарды (исторические затраты) эске алуу менен мамлекеттин үлүшүн аныктоо керек.

4. Конкурстун же түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде мамлекеттин үлүшүн бекитүү керек.

5. Мамлекеттин деңгээлиндеги кендер мурун берилип кеткен болсо, компания ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдин негизинде валовый доходдон пайыздык үлүш алыш керек. (мисалы, 2009-жылы Кумтөрдөн 14% үлүш албадыкпы)

6. Конкурс аукцион аркылуу бериле турган кендер жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, программасы каралып, социалдык пакет аныкталып келишим түзүлгөн компаниялардын ортосунда гана жүргүзүлүш керек.

7. Жогоруда көрсөтүлгөн иш чараларды аткаруу үчүн өкмөт алдында комиссия түзүлүп, түзүлгөн комиссия чектелген убакыттын ичинде тийиштүү жоболорду даярдап, Жогорку Кеңешке жөнөтүп кабыл алуу абзел.

8. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарыш үчүн өз алдынча иш жүргүзгөн мекемени түзүү (энергетикасы, өнөр-жайы, жаратылыш ресурстары бир жерге топтолгон мекеменин потенциялы төмөн болууда) жаңы түзүлгөн мекемени профессионал кадрлар менен чыңдоо керек.

Д. Камчыбеков,

 Тоо-кен адиси,

Тех. илим. доктору

"Жаңы Ордо" гезити, №13 (665),  10-июль, 2020-жыл.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент