• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
92 Категория: Мнение эксперта - Published: 29/12 - 15:23

Ирандын Эл аралык укуктар боюнча эксперти Хейрулла Парвин АКШнын ирандык генерал Касем Сулейманини атайылап өлтүрүүсү адамгерчиликке жатпарын жана эл аралык мыйзамдар боюнча кабыл алынгыс экенин билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Fars NEws” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Эксперттин айтымында, Трамп өзүнүн бул иш-аракети менен Иран менен Иракка согуш жарыялап, эки өлкөнүн жарандарын өлтүрүп, аймакты жана дүйнөнү мурдагыдан да кооптуурак абалга келтирди. Парвин генерал Касем Сулейманинин жана анын жолдошторунун АКШ тарабынан өлтүрүлүшүнүн бир жылдыгынын алдында мындай деди: “Трамптын жасаган иши согуш жарыялоо болгон жана бул согуш жарыялоо эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирет дегенди билдирет”. Ошондой эле ал АКШнын мындай кадамы бир катар башка принциптерге каршы келген деп мүнөздөдү.

Анын айтымында, Эл аралык гуманитардык укук боюнча согуш учурунда жай тургундарга атайылап кол салууга тыюу салынат. Сулеймани Иракка жарандык кийим жана дипломатиялык паспорт менен бул өлкөнүн расмий чакыруусу менен өлкөнүн жогорку аткаруу бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүү максатында барган. Ал белгилегендей, АКШнын бул аракети 1949-жылдагы Женева келишимдерине жана 1977-жылдагы Кошумча протоколдорго карама-каршы келет, согуш операцияларында жүрбөгөн жана ага катышпаган адам жай тургун деп саналат. Эксперттин айтымында, Сулейманини өлтүргөндөр өздөрү терроризмден да коркунучтуу, анткени алар терроризмди көбөйтүп жатышат.

Белгилей кетсек, Иран Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын бөлүгүнүн жетекчиси генерал Касем Сулеймани жана “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис ушул жылдын 3-январында АКШнын Багдад эл аралык аэропортунун жанына абадан жасаган соккусунда өлтүрүлгөн. АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Сулейманинин жана Абу Махди аль-Мухандистин өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, бул иш-аракет АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен жасалганын моюнга алган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент