• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
55 Категория: Мнение эксперта - Published: 28/12 - 10:51

Касем Сулеймани Жакынкы Чыгыштын коргоочусу болгон.

Бул тууралуу канадалык экстперт Фирас ан-Нажим «Mehr News» агенттигинин кабарчысы Мухаммед Али Хакшенас менен болгон маегинде билдирди.
Генерал Касем Сулеймани АКШ тарабынан өлтүрүлгөндөн бери бир жылга жакын убакыт өттү. Ал Ирактын расмий чакыруусу менен Багдадда болгон жана Багдад эл аралык аэропортунда шериктери менен учкучсуз учактын соккусунан каза болгон.
«Mehr News» агенттигинин кабарчысы Канаданын адам укуктарын коргоочулар тобунун (Canadian Defenders for Human Rights) жетекчиси Фирас ан-Нажим менен Касем Сулейманинин аймактагы ролу тууралуу маектешти.

-  Эл аралык мыйзамдарга ылайык, АКШнын Сардар Солейманини өлтүрүү аракетине кандай баа бересиз?

- АКШнын режими жана айрыкча Трамптын администрациясы генерал Сулейманини өлтүрүү менен  эл аралык мыйзамдарды бузган. Өлтүрүү Сардар Солеймани Иракка чакырылган учурда болгон. Иран менен Ирак өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу коопсуздук келишимдери болгон жана Америка Кошмо Штаттары бул кол салуу менен келишимдерди бутага алган. АКШ ошондой эле ИШИМ террордук уюмуна каршы күрөштү жетектеген “Хашд аль-Шааби” тобунун эң маанилүү командирлеринин бири Абу Махди аль-Мухандисти да өлтүрдү.
Аль-Мухандис Ирактын демократиялык саясий тутумунун бөлүгү болгон жана Ирактын парламентинин көпчүлүгү Хашд аль-Шаабини Ирак армиясына кошулуусун колдошкон. АКШнын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыкканын жана Трамптын мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун Гаага Эл аралык сотун АКШнын Ооганстандагы жана башка жерлердеги согуш кылмыштарын иликтесе, ага каршы бойкот жарыялайбыз деп коркутканын баса белгилей кетүү керек. Биз Американын ушундай мыйзам бузган системасы менен иш алып барып жатабыз.

-  Касем Сулейманинин АКШ жана Сауд Аравиясы колдогон терроризмге каршы күрөштөгү ролун кандай баалайсыз?

- Сулеймани Жакынкы Чыгыштын ийгиликтүү кол башчысы жана коргоочусу болгон. Ал 2006-жылы адаттан тыш кесепеттерге жана Израилдин мыйзамсыз режими тарабынан Ливандын бардык туткундарынын бошотулушуна алып келген, Ливан менен баскынчы сионисттик режимдин ортосундагы согуштун башында турган. Бул согушка чейин сионисттик режим мындай кордукту башынан өткөргөн эмес.
Ошондой эле, Сулеймани Сирияны АКШ жана Сауд Аравиясынын каардуу режимдери колдогон глобалдык террордук уюмдардан коргоодо алдыңкы катарда болгон. Ал Дамаск шаарындагы Ислам Пайгамбарынын (САВ) небереси Азирети Зайнабдын (а.с) ыйык жайын коргоодо чоң жардам кылган. Касем Сулейманинин өмүрүнүн акыркы жылдары Ирактын көптөгөн аймактарын ээлеп алып, көптөгөн ирактыктарды кырган ИШИМ террористтери менен күрөшүп, согуш талаасында өттү. Сулеймани Ирактын түндүк аймактарын, анын ичинде Күрт аймагын бошотууда башкы инженерлердин бири болгон жана Масуд Барзани дагы муну тастыктаган.

-  Генерал Сулейманинин АКШнын аймактын картасын өзгөртүү боюнча кутумдарынын алдын алуудагы ролу тууралуу айта кетсеңиз.

- Сулеймани жана анын өнөктөштөрү АКШ тарабынан иштелип чыккан жана колдоого алынган терроризмди жеңе алышты жана америкалыктар үмүтсүздүккө жетип, аны коркоктук менен өлтүрүш керек деген ойго келишти жана бул өлтүрүү алардын жүзүн көрсөттү. Касем Сулеймани жаман "Сайкса-Пико" келишмин бузду жана аймактын картасын өзгөртүү менен Ливандан Палестинага, Сириядан Иракка чейин каршылашуу күчтөрүнүн башын бириктирди.
Сардар өз сөздөрүндө айткандай, бул бирдиктүү каршылык күчтөрү бир күнү басып алынган Палестинаны бошотот. Сулеймани Газага бир нече жолу кирип, Израилдин агрессиясына чечкиндүү жооп кайтарууда каршылык көрсөтүү күчтөрүнө жардам берген жер алдындагы туннелдерди курууга көмөк көрсөткөн.

Бул туннелдер израилдиктерди Палестинага кайрадан басып кирүүдөн мурун бардык аспектилерин карап чыгууга мажбур кылды. Ливандагы ХАМАС кыймылынын өкүлү Ахмад Абу Махди Касем Сулейманинин ролун тастыктаган жана анын ролун бекиткен мөөр кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Хание тарабынан басылган. Исмаил Хание шейит Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып, үнүн бийик чыгарып, генерал Солеймани “Кудстун шейити” деп айткан.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент