• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
165 Категория: Мнение эксперта - Published: 26/12 - 11:51

Орусиянын эксперттери АКШ ирандык генерал Касем Сулейманини өлтүрүү менен стратегиялык ката кетирди деп эсептешет.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Орусиялык эксперттердин айтымында, АКШнын чалгындоо кызматтарынын Сулейманинин шейит болушунун кесепеттери жөнүндө эсептөөлөрү туура эмес жана Вашингтондун региондогу кызыкчылыктарына коркунуч келтирет. Орусиядагы Заманбап Иранды изилдөө борборунун директору Ражаб Сафароф өз билдирүүсүндө, АКШнын Сулейманини өлтүрүүдөгү аракетин акылга сыйбас иш катары мүнөздөгөн. “АКШ Ирак, Сирия жана Ооганстандагы кызыкчылыктарын коргой албастан, андан тышкары кырдаалды өзү үчүн оорлотуп жатат”, - деп билдирген ал Москвадагы “IRNA” агенттигинин кабарчысына берген маегинде. Ал шейит болгон Сулейманини эч ким менен алмаштырылгыс эпикалык мүнөзгө ээ саясатчы деп атаган. Иран боюнча орусиялык эксперт ирандык генералдын өлтүрүлүшүн АКШ өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик терроризмдин айкын мисалы деп эсептеген. Сафаров ошондой эле Сулеймани Иранда гана эмес, Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн башка өлкөлөрдө да абдан популярдуу болгонун баса белгилеген.  Ал  Сулейманини аймактагы кан төгүүнүн алдын алууга аракет кылган Жакынкы Чыгыштагы тең салмактоочу адам деп атаган.

АКШнын Сулейманиге каршы айыптоолору негизсиз

Орусиянын Илимдер академиясына караштуу Чыгыш таануу институтунун илимий директору Виталий Наумкин “Россия 24” телеканалына берген маегинде Касем Сулеймани өкмөттүк түзүмдүн өкүлү болгонун айтып, Америка аны өлтүрүү менен чоң ката кетиргенин билдирген. Анын айтымында,  АКШ Сулейманиге каршы айтып жаткан айыптоолоруна эч кандай далил келтирбегенин кошумчалады. “Кудс күчтөрү америкалыктарды өлтүрдү деп элестетүү кыйын”, - деп Наумкин.

Иран АКШнын аракеттерине жооп кайтарат

Орусиянын Ирандагы мурдагы элчиси Александр Марьясов Иран Сулейманинин өлтүрүлүшүнө сөзсүз жооп берет деп эсептейт. “NEWSru” сайты билдиргендей, Марьясов Иран дароо жооп кайтарбай тургандыгын айтып, бирок Ирандын бул аракети АКШнын аскер күчтөрү жайгашкан аймактын каалаган жеринде болушу мүмкүн деп белгилеген.”Сулейманинин өлтүрүлүшү Ирандын аскердик түзүмдөрү үчүн чоң жоготуу экендигин эске алганда, Иран буга сөзсүз жооп берет”, - деди экс-элчи.

Сулеймани - терроризмге каршы күрөшкөн көрүнүктүү инсан болгон

Эл аралык иштер боюнча орусиялык кеңештин башкы директору Андрей Кортунов террорчуларга каршы натыйжалуу иш-чараларды уюштуруп, жүргүзүп келген Касем Сулейманини көрүнүктүү инсан болгон деп билдирди. “Взгляд” интернет-басылмасы маалымдагандай, Кортунов Сулейманинин өлтүрүлүшүнүн кесепеттерине ишара кылып, “Трамп бул иш-аракеттердин кесепеттерин эсептөөдө ката кетирген”, - деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, Иран Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын бөлүгүнүн жетекчиси генерал Касем Сулеймани жана “Хашд аль-Шааби” кыймылынын жетекчисинин орун басары Абу Махди ал-Мухандис ушул жылдын 3-январында АКШнын Багдад эл аралык аэропортунун жанына абадан жасаган соккусунда өлтүрүлгөн.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент