• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
164 Категория: Мнение эксперта - Published: 30/09 - 12:35

Тоолуу Карабахта кырдаал курч бойдон калууда.

Ереван менен Баку Тоолуу Карабахтын аймагында согуштук аракеттер улантылып жаткандыгы жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат берип жатышат. Буга чейин Армениянын коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян Азербайжандын куралдуу күчтөрү Арцахта ири масштабдагы чабуул баштаганын билдирген. “Душман Аракс өрөөнүндө жана Матагис-Талиш районунда жаңы ири масштабдуу чабуубаштады”,- деди ал.

Ованнисян белгилегендей, Армения чабуулду ийгиликтүү кайтарып, душмандын айрым техникаларын жана тирүү күчтөрүн жок кыла алды. Анын маалыматына караганда, Азербайжан 22 танк, 10 брондолгон техника жана 370тен ашуун аскер кызматкерин жоготту. Өз кезегинде, Азербайжандын коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Вагиф Даргяхлы Тоолуу Карабахта аскердик учактын атып түшүрүлгөндүгү жана тирүү күчтөрдүн арасындагы жоготуулар болгондугу жөнүндө маалыматты четке какты. Анын айтымында, Азербайжандын бардык аскердик авиациясы катарда жана иштөө абалында турат. Алдыңкы күнү Таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Ваграм Погосян Азербайжандын  аба күчтөрүнүн учагы Мартуни шаарынын аймагында атып түшүрүлгөнүн айткан.

Эске салсак, Тоолуу Карабах Республикасындагы кагылышуулар 27-сентябрда башталган. Азербайжандын версиясы боюнча, армян күчтөрү анын позицияларын жана калктуу конуштарын аткылаган. Баку чабуулга каршы чабуул баштаганын жарыялаган. Расмий Ереван Азербайжан өз кезегинде Арцахка кол салганын билдирди. “Eurasia Today” агенттигинин корреспонденти Георгий Гаприндашвили Азербайжан менен Армениянын бул куралдуу кагылышуусу Түштүк Кавказ аймагына жана Грузияга кандай таасирин тийгизерин эксперт Петре Мамрадзеден билүүгө аракет кылды:

“Тоолуу Карабахта ачылган кырдаал 1994-жылы согуш аяктагандан кийин эң олуттуунун бири болуп калды. Бүгүн Ереван менен Бакунун ортосунда болуп жаткан аскердик кризис оң натыйжаларга алып келбейт. ЖМКлардын ар кандай билдирүүлөрүнө караганда, эки тарапта тең ири жоготуулар катталып жатат, бирок менин оюмча, эки тарап тең колдонуп жаткан  дезинформацияны же маалыматтык согуш режимин унутпаш керек”, - деди Мамрадзе.

Анын айтымында, бүгүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук Ереван менен Бакуну сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырып жатат, бирок, тилекке каршы, бул азырынча эч кандай натыйжа бере элек. Эгерде мындай курч кырдаал улана берсе, анда ал бир гана эки республиканын эмес, Түштүк Кавказдын бүт аймагынын экономикалык потенциалына таасирин тийгизет. “Ушул тарыхый учурда эки тарап тең туюк жагдайга кептелди деп ойлойм. Менин оюмча, Грузия өкмөтү Москва, Вашингтон же Европа Биримдиги  өлкөлөрүнүн туруктуу жардамына таянуунун ордуна, эки тарапты тең сүйлөшүү үстөлүнө чакырып, Ереван менен Бакунун ортосунда башкалардан бөлөкчө көпүрө болушу керек” , - деди Петре Мамрадзе.


Материалды даярдаган Георгий Гаприндашвили

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент