• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
6 Категория: Дайджест - Published: 13/01 - 10:42

Кара-Кече көмүрүнүн нымдуулугу орточо 22-23% түзөт.

Бул Бишкекти каптаган ышка тиешеси жоктугун "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) лабораториясынан Кара-Кече көмүрүнүн бардык партиясы текшерилип, оң баасы берилгенин маалымдоодо. Маалыматка ыдайык, "Кыргыз көмүр", "Электр станциялары" ишканасынын жана ЖЭБдин ортосундагы келишимдин талабы боюнча, Кара-Кеченин көмүрү ЖЭБге толугу менен туура келет.

6-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) абага булганыч заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек жылуулук электр борборунун жооптуу кызматкерлерине карата сотко чейинки териштирүү ишин ачып, тергөө башталганын маалымдаган.

Ага чейин финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБине Кара-Кеченин көмүрү туура келбегенин, ЖЭБдин курулушун кылгандар жоопко тартыларын айткан.

Көп өтпөй Бишкек мэриясы да ЖЭБге Кара-Кече көмүрү туура келбесин айтып чыккан.

Бишкек Жылуулук электр борборуна жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз, айрым бөлүгү электр жарыгысыз калган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер баш болгон жогорку кызмат адамдары соттолгон.

Кыргызстандык экологдор өлкө бийлигин экологиялык жактан таза кубат булактарын колдонууну көбөйтүүгө чакырып, суу кубатына кошумча күн, өзөктүк жана жел кубатын пайдалана баштоонун зарылдыгын белгилешет.(ZKo)

https://www.azattyk.org/a/31044204.html

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент