• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
30 Категория: Дайджест - Published: 17/11 - 10:17

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай эл республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен 16-ноябрда телефондон сүйлөштү.

Бул тууралуу сырткы саясат мекемеси кабарлады.

Баарлашууда Ван И кесиптешин бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Министрлер кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, мурдараак жетишилген келишимдерди аткаруу маселелерин кеп кылышты.

Руслан Казакбаев Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу баяндап, абал турукташкандыгын Кыргызстандын жаңы бийлиги эл аралык келишимдерди, анын ичинде Кытай менен болгон эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды аткарарын маалымдады. Ал ошондой эле COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө Кытайдын жардамына ыраазычылык билдирди.

Кыргыз-кытай тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө-бекеттерин толук кандуу жандантуу темасын да талкуулашты. Кыргызстандын сырткы саясат мекемесинин жетекчиси кесиптешин макроэкономикалык жана коронавирустук жагдайда Кыргызстандын Кытайга болгон карызына жеңилдетүүгө көмөк кылуусун өтүндү.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мындан ары да Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба азыктарын алып кетүүгө жана кыргыз көмүрүн Шинжаң-Уйгур автоном облусуна ташууга Кытай тарап кызыкдар экенин билдирди.

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын сырткы саясат мекемелеринин башчыларынын телефондук сүйлөшүүсү Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки жогорку деңгээлдеги биринчи расмий байланыш болуп саналат.

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 646 млн. доллар ички карыз, 4, 180 млрд. доллар тышкы карыз. Мунун ичинен Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,778 млрд. доллар бересе. (ErN)

https://www.azattyk.org/a/30954063.html

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент