• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
16 Категория: Аналитика - Published: 30/07 - 13:23

Иран Ислам Ыңкылабынын лидери АКШ өкмөтүнүн расисттик аракеттерин айыптап, элдик кыймылды колдоду.

"Fars News" агенттигинин маалыматына ылайык, Аятолла Хаменеи: "Америкада болуп жаткан окуяларда расизмге каршы чыккан элдик кыймылды колдойбуз жана Америка бийлигинин ырайымсыз жана расисттик жүрүм-турумун айыптайбыз",- деди.
Белгилей кетсек, жылдык ажылык аземге  байланыштуу куттуктоодо Улуу Урматтуу Аятолла Хаменеи мындай деди: "Америка шаарларынын көчөлөрүндө болуп жаткан окуяларга жөнөкөй сереп жүргүзүү менен бийликтин элге жасаган мамилеси, бул өлкөдө элдин ар кандай катмарларга  бөлүнүүлөрү, өлкөнү башкарууга шайланган адамдардын ойдуңдары жана акылсыздыгынан улам экенин түшүнөбүз. Ошондой эле үрөй учурган расалык дискриминация Батыш цивилизациясынын моралдык жана социалдык кризисинин тереңдигин жана анын саясый жана экономикалык философиясынын бурмалангандыгын жана жараксыздыгын айгинелейт, булар көчөлөрдө жөнөкөй адамды (кылмышкерди эмес) мыкаачылык менен өлтүргөн полиция кызматкеринин ырайымсыздыгында көрүнүп турат! "

Ислам Революциясынын Жогорку Жетекчиси: "АКШнын алсыз элдерге жасаган мамилеси - коргоосуз кара терилүү жаранды мойнун тизеси менен кысып салган ошол америкалык полиция кызматкеринин жүрүм-турумунан кеңири көрүнүп турат",- деп кошумчалады.
 "Ажылык - бул коррупциянын, зулумдуктун, киши өлтүрүүнүн жана талап-тоноонун чордону болгон империалисттерге каршы чыккандыктын символу, ал эми бүгүн Ислам Үммөтүнүн денеси менен руху алардын зулумдугунан жабыркап жатат. Биз чөлкөмдүн кооптуулугунун, кыйроосунун жана артта калышынын себебин билебиз - бул АКШнын чөлкөмгө кийлигишүүсүнөн улам болууда”,- деди Аятолла Хаменеи."

Ал ошондой эле исламдык үммөттүн Америка жана сионисттик режимге каршы биригишине чакырып, эзилген Палестинага жардам берүү, жарадар болгон Йеменге боор ооруу жана дүйнө жүзүндөгү кордолгон мусулмандарга камкордук көрүү керектигин баса белгиледи.

“Тилекке каршы көптөгөн мусулман өлкөлөр башка мусулман бир туугандарга таянуунун ордуна, империалисттерге таянып жатышат.  Алар жеке кызыкчылыктары үчүн,  душмандын басынтуусуна жана мажбурлоосуна чыдап, өз улутунун ар-намысын жана кадыр-баркын жана көзкарандысыздыгын бекер сатууда - мындай пас жүрүм-турумдан алыс болуу керек”,- деди Руханий лидер.

Ислам Ыңкылабынан Жогорку Жетекчиси, ошондой эле исламдык Ирандын өнүгүүсүнө токтолуп: "Биздин мезгилдеги АКШ деген эң ири бандит жана эң айлакер шайтандын режими бизди эч кандай санкциялар жана коркутуулар менен коркутуп тизелете албайт. Алар өлкөбүздүн  материалдык жана руханий прогрессин токтото алышпайт",- деди.

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.08
USD
76.84
+0.11
EUR
90.50
+0.46
KZT
0.18
-0.38
RUB
1.04
-0.96
TJS
7.44
-1.14
TMT
21.90
-1.14
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+24°C Москва
+28°C Нур-Султан
+32°C Бишкек