• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
6 Категория: Аналитика - Published: 11/01 - 11:04

Ислам революциясынын улуу лидери саид Али Хаменеи Батыш өлкөлөрүнүн фронту Иранга каршы санкцияларды токтоосуз алып салууга милдеттүү экенин айтты.

Mehr News агенттиги: “Каршы тарап өз милдеттенмелерин аткарбаса, Иран үчүн бардык милдеттенмелерди аткаруунун мааниси жок. Бул тууралуу Ислам Революциясынын улуу лидери Аятолла Хаменеи Кум шаарынын тургундарынын кандуу көтөрүлүшүнүн жылдыгына карата 9-январда элге телекайрылуу учурунда билдирди.
 "Батыш мамлекеттеринин фронту киргизген санкцияларына келсек, алар бул ыплас аракеттери менен Иран элине каршы чоң душмандык кылып жатышканы байкалат. Алар душмандыкта Ислам республикалык системасы жана өкмөтү менен гана эмес, Иран эли менен согушуп жатышат. Алар бул ишин тезинен токтотушу керек, биз болсо өз кезегинде санкцияларга карабастан, өлкөнү талаптагыдай башкара ала тургандай экономикабызды орнотуп, пландаштырышыбыз керек”, - деп баса белгиледи аятолла Хаменеи.
Ал сөзүн мындай деп улантты: Мен муну бир нече жолу кайталадым, эми дагы бир жолу айтам, элестетип көргүлө, санкциялар эч качан алынып салынбайт, эгер биз санкциялар улана берерин ойлосок, анда биз өз өлкөбүздүн экономикасын пландаштырышыбыз керек.
"Бүгүнкү күндө Америкада эмне болуп жаткандыгына күбө болосуң. Бул алардын демократиясы, бул алардын шайлоодогу маскарачылыгы, бул алардын адам укуктары. Бир нече саат сайын же жок дегенде бир нече күндө бир жолу, эч кандай себепсиз афроамерикалыктар көчөлөрдө өлтүрүлүп, өлтүргөн адам жоопко тартылбай жатат ",- деди Ислам революциясынын улуу лидери.
 Ислам Революциясынын улуу лидери сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө мындай деп баса белгиледи: "Америка өзүнүн пайдасын биздин чөлкөмдүн туруксуздашынан көрөт. Ал өзү да бул жөнүндө ачык сүйлөйт. 2009-жылы АКШ Иранга бүлүк салууга аракет кылды, ал эми 2021-жылдагы АКШдагы башаламандык аларга кайтарылган каргаша. Алар акыркы күндөрү Вашингтондо, айрыкча конгрессмендерди жашыруун туннелдер аркылуу чыгарууга аргасыз болгон кечээ күнкү окуяны бир убакта Иранда жасагысы келишкен."

 Ислам Революциясынын улуу лидери сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө Ирандын регионалдык катышуусун баса белгиледи.

"Биздин катышуубуз туруктуулукка өбөлгө түзөт. Ислам Республикасынын катышуусу туруксуздукту шарттаган факторлорду жоюуга жардам берээри далилденди. Ирактын ИШИМ маселеси, Сириядагы ар кандай маселелер жана башка маселелер Ирандын регионалдык катышуу талашсыз экенин айгинелейт”, - деп түшүндүрдү аятолла Хаменеи.
Ислам Революциясынын улуу лидери сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө өзөктүк келишимге байланыштуу маселелерди белгилеп: "Алар ошондой эле Америка өзөктүк келишимге кайтып келеби же жокпу деген маселени талкуулап жатышат. Биз Америка өзөктүк келишимге кайтып келиши керек деп талап кылбайбыз жана шашылбайбыз. Америка өзөктүк келишимге кайтып келеби же жокпу, биздин маселе эмес. Эгерде санкциялар алынып салынбаса, АКШнын өзөктүк келишимге кайтып келиши дагы бизге зыян келтириши мүмкүн. Бул бизге эч кандай пайда алып келбейт, кайра зыян алып келиши мүмкүн”, - деди.
 Ислам революциясынын лидери өлкөнүн парламентинин жана өкмөтүнүн Ирандын өзөктүк милдеттенмелерин кыскартуу чечимин колдоп: "Бул туура чечим. Бул логикалык, акылга сыярлык жана алгылыктуу чечим. Карама-каршы тарап өзөктүк келишим алдындагы милдеттенмелеринин дээрлик бардыгын аткарбагандыктан, Иран тараптан да айрым милдеттенмелер акырындап жокко чыгарылды. Айтып коюшум керек, эгер алар милдеттенмелерин аткарууга кайтышса, биз дагы өз милдеттенмелерибизди аткарууга кайтабыз”,-деди.

Кайрылуунун жыйынтыктоочу бөлүгүндө ирандык коронавирус вакцинасы боюнча Ислам Революциясынын лидери бул жетишкендик өлкө үчүн сыймык экендигин айтып, мындай деди: "Бул өлкө үчүн сыймык жана жетишкендик. Ал эми өлкөгө америкалык же британиялык вакцинаны алып келүүгө тыюу салынат. Мен бул тууралуу чиновниктерге айттым, эми мен бул жөнүндө элге айтып жатам. Эгерде америкалыктар коронавируска каршы вакцина чыгара алышса, анда алар өлкөсүндө мындай үрөй учуруучу окуялар катталмак эмес. Бир нече күн мурун бир күндө 4 миң адам көз жумган, эгер алардын Pfizer компаниясы вакцинаны өндүрө алса, анда аны өзүлөрү колдонушсун, Алар ушунча жоготууларга, ушунча курманыктарга туш болушкан. Ошондой эле Британияга тиешелүү, аларга ишеним жок. Мүмкүн, алар вакцинаны башка мамлекеттерде анын кандай иштээрин билүү үчүн сынап көрүшү мүмкүн. Ошондой эле жугуштуу канды сатуу тажрыйбасына ээ болгондуктан, бул боюнча Францияга да оптимисттик көз карашта эмесмин.”

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент