• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
61 Категория: Аналитика - Published: 29/12 - 16:41

Iranpress: 2020-жылдын 3-январында Ирактын Багдад аэропортуна жакын жерде АКШнын аскерлери менен террористтеринин аба соккусунан, Ирактын Хашд аль-Шааби тобунун жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис жана дагы сегиз адам менен бирге Иран Ислам Революциясынын Сакчылар корпусунун Кудс күчтөрүнүн командири, генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөн.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку даражалуу аскер ишмерин өлтүрүү үчүн берген түздөн-түз буйругун актоо үчүн тынымсыз жалган сөздөрдү жана шылтоолорду айтты жана бул террордук актыны жана Ирактын улуттук суверенитетинин бузулушун аймакта согушту болтурбоо үчүн түзүлгөн сценарий түрүндө сүрөттөөгө аракет кылды.
Ошол эле учурда АКШнын расмий өкүлдөрү генерал Касем Сулеймани аймактагы террорчуларга каршы күрөштө талашсыз рол ойногонун билдиришти.
“CNN” каналынын маалымат сайты Сардар Сулейманини өлтүргөндөн эки күн өткөндөн кийин жарыялаган бир маалыматында, “АКШнын улуттук коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу кызматкерлери Ак үйдүн генерал Сулеймани АКШнын кызыкчылыгына каршы коркутууларына жооп катары өлтүрүлгөндүгү тууралуу билдирүүлөрүн коргоо үчүн аракет кылып жатышат. Бирок далилдердин жетишсиздиги Конгресс менен коомдук пикирде “кол салуу туура болгонбу же жокпу” деген шектин жаралышына алып келди”, - деп жазган.

 Америка аймактагы коопсуздуктун жана жамандыктын негизги себеби

Америка Кошмо Штаттарынын Сардар Сулейманини жана анын бир катар шериктерин шейит кылуудагы террордук аракети дагы бир жолу АКШ терроризмге каршы күрөшпөгөнүн, Америка өзү терроризмдин булагы жана аймактагы коопсуздуктун жана жамандыктын негизги себеби экендигин көрсөттү.
Генерал Сулеймани аскердик стратег катары АКШнын терроризмге каршы күрөштөгү дооматтарынын жалгандыгын ашкерелеп, анын аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту талап кылган Батыш Азиядагы саясатына шек келтирди.
Сардар Сулеймани ИШИМ террордук тобун талкалап, Сирия жана Иракта каршылык көрсөтүүгө жол ачты. Анын каршылык географиясында тарткан сызыктары АКШ менен Израилдин аймакты бөлүштүрүү планын, такфирдик террористтер менен ИШИМдин катарында иштелип чыккан планын жокко чыгарды.

Израилдин Сардар Сулейманини өлтүрүүдөгү ролу

Сардар Сулейманинин өлтүрүлүшүнө буйрук берген АКШнын президенти Дональд Трамп жооптуу. Бирок, аны өлтүрүүгө Израилдин катышкандыгын тастыктаган белгилер байкалган. Далилдер генерал Сулеймани өлтүрүлөрдөн мурун сионисттик режим Иракта жана Сирияда Кудс күчтөрүнүн ролун өзгөчө баса белгилеп, аймактагы "Иран коркунучун" күчөтүү өнөктүгүн баштаганын көрсөтүп турат.
Израилдин коргоо министри Нафтали Бенет Ирандын региондогу катышуусун токтотуу үчүн абдан ыңгайлуу мезгил келди деп, коркутуп бир нече жолу сүйлөгөн.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху генерал Касем Сулеймани өлтүрүлөрдөн үч күн мурун АКШнын мамлекеттик катчысы менен телефондо сүйлөшкөн. Анын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеого "Иранга каршы олуттуу иш-аракеттери" үчүн ыраазычылык билдирип, "Иран коркунучуна каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө" чакырган.
Помпео бир билдирүүсүндө Ислам революциясынын Сакчылар корпусу АКШ тарабынан сионисттик режим себеп болуп “террористтик” уюмдардын тизмесине киргизилгенин моюнга алды.
“Jerusalem Post” гезити Помпео Сенаттын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин отурумунда Ирандын Сакчылар корпусун "террористтик" уюмдун катарына киргизүү Израилдин кызыкчылыгы үчүн болгон деп билдиргенин жазды.
Кандай болгон күндө дагы, Сардар Касем Сулейманинин жана Ирактын Элдик мобилизациялык күчтөрүнүн (Хашд аль-Шааби) командиринин орун басары Абу Махди аль-Мухандистин өлтүрүлүшүнө АКШ жооптуубу же Израилби эч кандай мааниге ээ эмес, анткени Вашингтон менен Тель-Авив бир тыйындын эки тарабы.
Алардын санкцияларды ишке ашыруу менен "максималдуу кысым" стратегиясын ишке ашыруу планы кулап, алар күткөндөй болгон жок. Мына ушундай шартта бул террордук акт АКШ жана Израилдин күн тартибине коюлган.

Бүгүнкү күндө глобалдык текебердик өзүнүн жек көрүүсүн, кастыгын жана жеңилиштерин террордук актылар жана Иран илимпоздорун илим жана прогресс чөйрөсүнөн четтетүү менен улантууну каалап турат.

Сардар Сулейманинин өлтүрүлүшүнө эл аралык нааразычылыктар АКШ үчүн чоң көйгөй

Ислам Революциясынын Сакчылар корпусунун Кудс күчтөрүнүн командири генерал Касем Сулейманинин жана Ирактын Хашд аль-Шааби тобунун башчысынын орун басары Абу Махди аль-Мухандистин салтанаттуу тажиясы Америка Кошмо Штаттарына маанилүү жооп болду жана Американы жек көрүү бүгүнкү күндө чек аралардан ашып, Иран, Ирак, Ооганстан, Йемен жана башка көптөгөн мамлекеттерде өзүнүн туу чокусуна жеткенин жана бул каарды жана жек көрүүнү Твиттердеги билдирүүлөр жана коркутуулар менен өчүрүүгө болбой турганын көрсөттү.
Сардар Сулейманинин өлтүрүлүшүнө аймактык жана эл аралык нааразычылыктар Кошмо Штаттар үчүн чоң чакырык болуп калды. Себеби бул окуя Иран, Ирак элдеринин жана Америка Кошмо Штаттары тарабынан жаракат алган бардык адамдардын жарасын козгоду.
Ислам революциясынын руханий лидери Аятолла Хаменеи душмандарга каршы туруу боюнча Иран элинин күчтөрүнө кайрылган билдирүүсүндө: "Душман бардык күчүн жумшады жана өз ишин жасады. Алар өзүнүн кара ниети менен жамандыгынан качкан жок. Алардын максаты - бийликти багынып берүүгө аргасыз кылуу, башкача айтканда, Америка Кошмо Штаттарына багынышына алып келгендей кылуу. Алар адамдарды аскердик күчтөрдүн алдына коюшат. Душмандын максаты ушул, бул туура эмес. Башкача айтканда, Американын эсептөөлөрү туура эмес. Буга чейин, өткөн кырк жылдын ичинде, америкалыктар ушундай эле эсептөөлөрдү жүргүзүшкөн жана натыйжаларга жетишпей, утулуп калышкан жана Ислам Республикасына каалаган соккусун ура алышкан эмес. Азыр дагы ошондой; Бул жолу да алар сөзсүз түрдө ийгиликсиз болушат; Буга эч кандай шек жок. Бирок алардын Иранга болгон таарынычы жана жек көрүүсү аларды сокур кылды, башкача айтканда, эсептөөлөрүн бузду жана туура эсептей албай жатышат", - деди.
Тажрыйбалар көрсөткөндөй, АКШнын аймактагы катышуусу жана АКШнын Ирак менен Ооганстандагы аскердик күчтөрү аймактагы көптөгөн көйгөйлөрдүн башаты болуп саналат. Бирок, бүгүнкү күндө аймактагы кырдаал жана саясий жана аскердик теңдемелер өзгөрүлүп, элдердин эркине негизделген мамлекеттер жана өкмөттөр бул катышууга чыдабайт. Бул аймактагы, ал тургай эл аралык деңгээлдеги маанилүү жана стратегиялык өзгөрүүнү билдирет.
Ирак парламентинин 2020-жылы 5-январда кабыл алган резолюциясы АКШнын аймактагы аскердик катышуусунун аяктагандыгын билдирип, террордук актысын айыптап, ачык нааразычылык билдирүү болду.
Учурда аймактагы кырдаал АКШ жана анын союздаштары  элестеткенден тезирээк өзгөрүп, Американын кубаты төмөндөй баштады.


Материал Араб жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү боюнча эксперт Жамшид Аминзаде тарабынан даярдалды.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент