• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
6 Категория: Аналитика - Published: 21/11 - 16:43

Дональд Трамптын президенттик мөөнөтүнүн бүтүшүнө 2 ай гана калганда Иранга максималдуу кысым көрсөтүү кампаниясы күч алды.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Трамптын администарциясы Иранга жума сайын жаңы санкцияларды киргизүүнү убада кылды.
Белгилей кетсек, АКШнын Каржы министрлиги ушул аптада Иранга каршы жаңы санкциялар киргизилгенин жарыялаган. Бугу байланыштуу АКШ Каржы министрлигинин веб-сайтында Ирандын Чалгындоо министри Сейед Махмуд Алави, Сейед Парвиз Фаттах жана дагы тогуз ирандык, ошондой эле Иран менен байланышкан 49 мекеме жана бир кеме бар SDN аталган кара тизмекке киргизилген.
Вашингтон ошондой эле Ирандын чалгындоо министрин "адам укугун бузду" деп айыптап, SDN тизмесине кошуп койгон.
АКШнын Каржы министрлиги санкциялардын алкагында Ислам революциясынын фонду менен байланышкан компанияларын да кара тизмекке киргизген. Бул компаниялар экономикалык, соода жана өнөр жай чөйрөсү менен алектенишкен.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Твиттерде Каржы министрлигинин Иранга максималдуу кысым көрсөтүү өнөктүгү мындан дагы күч ала турганын билдирген.
Трамптын администрациясы тарабынан жаңы санкциялардын тизмесинин жарыялануусу бул - Вашингтондун Тегеранга карата саясатынын улантылышын баса белгилөө үчүн жаңы кадамдар.
Дональд Трамп 2020-жылдын ноябрь айындагы АКШдагы президенттик шайлоодо утулуп калгандыктан, анын администрациясынын иштөөсүнө эки айга жакын гана убакыт калды. Бирок буга карабастан, АКШнын жогорку даражалуу чиновниктеринин айтымында, Трамп ушул мезгилде Иранга каршы бир катар санкцияларды, анын ичинде жумалык санкциялар маселесин жарыялоону көздөп жатат.
Эске салсак, Трамптын администрациясы акыркы айларда негизги көңүлүн Иранга каршы курал-жарак санкцияларынын мөөнөтүн узартып, андан кийин Иранга карата бардык эл аралык санкцияларды калыбына келтирүүгө багыттоого бурган.
Албетте, Трамптын бул иш-аракеттери кезектегидей ийгиликсиз аяктаган. Трамптын Иранга каршы администрациясы ийгиликсиз болгонуна карабастан, Вашингтон өз максатына жетем деген үмүт менен санкцияларды киргизүүнү улантууда.
Бирок, Батыш байкоочуларынын айтымында, Трамптын администрациясы бул иштери өзүнүн кадыр-баркын сактап калуу үчүн гана улантылууда.
Серепчи “Ишон Тарор” Дональд Трамптын Иранга карата саясатын талдап жатып, "Вашингтон  пост" гезитине мындай деп жазган: "Дональд Трамптын президенттик мөөнөтүнүн аякташына эки ай гана калды. Бир убакта Трамптын администрациясы гүлдөп турган мезгилинде Иранга катуу санкциялардын кайрадан киргизилиши да бул өлкөнү сүйлөшүү столуна кайра алып келген жок. "Максималдуу кысым" да Иранды токтото алган жок.
Ал эми ушул аптада АКШнын 75 адамдан турган Демократиялык Мыйзам чыгаруу тобу АКШнын мамлекеттик катчысына жана казына министрлигине жолдогон катында, Иранга каршы санкциялардын кыскартылышын талап кылышкан. Алар Трамптын администрациясынан коронавирус менен күрөшүү үчүн лабораториялык комплекттерди, жасалма дем алдыруучу системаларды жана башка медициналык жабдыктарды Иранга жөнөтүлүүсүнө уруксат берип, санкцияларды алып салууга чакырышты.
Санкцияларды кыскартуу боюнча эл аралык жана ички чакырыктардын көбөйүп жаткандыгына карабастан, Трамп Ак үйдө отура турган калган мезгилинде Иранга каршы адамкерчиликсиз санкцияларды киргизүү саясатын өзгөртпөгөндөй сезилет. Бул учурда Ирандын медициналык жана фармацевтикалык муктаждыктарына карата санкция болуп калды.
Америка Кошмо Штаттарынын Иранга байланыштуу акылга сыйбаган мамилеси жана легитимсиз максаттарына жетүү үчүн бардык кызыл сызыктан өтүп, азыр Ирандын медициналык тутумуна максималдуу кысым көрсөтүү саясатын жүргүзүп жаткандыгы белгилүү.
Бирок, максималдуу каршылык көрсөтүү саясатынын алкагында Иран АКШнын кеңири жана бир тараптуу санкцияларына ийгиликтүү туруштук бере алды.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент