• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
564 Категория: Аналитика - Published: 17/11 - 14:30

Миграция кыргыздарды Ооганстанга да алып барган.

Ал жакта ишмердүүлүгүн ийгиликтүү алып барган ондогон кыргыздар бар. Азыр сиздердин назарыңыздарга бул мамлекеттин борбору Кабул шаарына 2015-жылы барып иштеп жүрүп, бир жылдан кийин террордук чабуулга туш болгон боордошубуз Айгүлдүн ажал оозунан суурулуп чыккан окуясын сунуштайбыз. Каарманыбыздын суранычы менен анын аты-жөнү өзгөртүлдү.

Миграциялык агым Айгүлдү да жөн койбой, аны Кабулга алып барат. Бул өлкөдө жашоо кооптуу болгонуна карабай, тобокелчилик менен иштеп жүрөт. Бирок ал бир жылдан кийин террордук чабуулга туш болот.

Ал чабуулда Айгүл менен кошо кыргыз улутундагы дагы 7 кыз болгон. Алар бир бөлмөдө өз өлүмүн күтүп 13 сааттай отурушат. Террордук топтун өкүлдөрү акыры кирип бараарына бөркүндөй ишенип: "Киришсе эле жардырат же атып өлтүрөт, ошондо жок дегенде биздин жүзүбүз таза калсын, бетибиз аркылуу таанышсын",-деген максатта эшикке артын салып отурушат. Жакын арада чыгып жаткан автоматтын атылганы, жарылып жаткан гранаталар, акыркы дем менен кыйкырып, өлүп бараткан адамдардын үндөрү – аларды мындан ары жашоого үмүтүн такыр үзөт...

Негизи Айгүл Ооганстанга досу аркылуу барган. Алгач барганда эле АКШнын Ооганстандагы атайын базасына түшөт. Ал жакта каарманыбыз жеке ишкерлик менен алектенген.

Айгүл менен кошо чет мамлекеттик адамдар да иштечү. Бирок анын жанында кыргызстандыктар да болгон. Алар террордук чабуулдун бутасына айланганда өлүмгө өтө жакын барышкан.

Ооганстанда атайын топтордун согуштук аракеттери токтобой, террордук чабуулдар байма-бай жүрүп турут. Ошондуктан бул жакта жашоо кооптуу. Ушуга байланыштуу адамдар, өзгөчө согуштук же террордук чабуулдар учурунда керек болот деп “корголоочу бөлмөлөрдү” салып алышкан. Кол салуу болгондо, каарманыбыз шериктери менен ошол “корголоочу бөлмөгө” да жете албай калышат. Жашоодон үмүттөрү үзүлүп, ар кимиси өз өлүмүн күтүп гана эшикке артын сала, коркуп отура беришкен. Ушул күтүү 13 саатка чейин чозулат.

Террордук кыймылдын мүчөлөрү жакын жердеги дээрлик бардык адамдарды өлтүрүп, имараттарды жардырып, жүрүп отурушканы Айгүлдүн жанындагы баардык кыз-келиндерге кадимкидей угулуп турган. Алар таң атканча жандарын ооздоруна тиштеп, өлүмгө баш байлап, бири-бири менен бир канча жолу түбөлүккө коштошуп үлгүрүшөт.

Таң аткыча өлүмүн күтүп отуруп, бирок тилекке жараша алар куткарылат. Чет элдик аскер күчтөрүнүн жардамы менен Кыргызстандын атайын өкүлдөрү, жашынып отурган жеринен кыздарды куткарып чыгып кетет. Бул куткарууну Айгүл көзүнө жаш албай эстей албайт. Ал ошондогу көз ирмемдерди өмүрү өткүчө унутпайт.

Жакшыраак каражат табуу максатында, Ооганстанга барып калып, бирок террордук чабуулга кабылып, бул дүйнө менен аз жерден коштошуп кала жаздап, өлүмдүн оозунан суурулуп чыккан Айгүл, чет жактарда иштеп жүргөн мекендештерге кайрылып, өз өлкөсүнө аман-соо келишин каалайт.

Ооганстан – коомдук-саясий кырдаалы туруксуз, террордук чабуулдар бат-баттан жүз берип, адам өмүрү көп кыйылып турган мамлекет. Мындай жашоо ондогон жылдар бою созулуп келе жатат. Бирок ошентсе да, миграциялык агым айрым кыргыздарды да Ооганстанга алып барган. Алардын дээрлик көпчүлүгү ийгиликтүү иштегени менен, баары бир кооптуу жашоо менен күн кечиришет. Бей расмий маалыматтар боюнча, Ооганстанда 100дөй эмгек мигранттары бар.

Террордук чабуулдан куткарылган Айгүлдүн окуясын өзүнүн оозунан угуңуз:


<iframe src="/https://anchor.fm/asanbek-pazyl/embed/episodes/ep-emhm8f/a-a3rvgkf" height="102px" width="400px" frameborder="0" scrolling="no"></iframe>

Create, distribute, host, and monetize your podcast, 100% free.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент