• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
6 Категория: Аналитика - Published: 13/11 - 15:10

Дүйнөлүк базарларда өз ордун ээлөө жана экспорттун көлөмүн кеңейтүү үчүн, АКШ мунай өндүрүүчү же экспорттоочу өлкөлөргө санкцияларды киргизүү же кризистерди жаратуу сыяктуу бардык ыкмалардан колдонот.

ILNA агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын мунайзатына карата алгачкы эмбаргону британиялыктар аркылуу мындан 70 жыл мурда Ирандын мунай өнөр жайын улутташтыруусуна жооп иретинде кабыл алган.
Андан кийин 2012-жылы АКШ баштаган айрым мамлекеттер Иранга каршы мунай санкцияларын Ирандын өзөктүк программасынын алдын алуу жана чектөө максатында киргизишкен. Санкция киргизген мамлекеттердин билдирүүсүндө, алардын максаты - Иранды мунай кирешесинен ажыратуу жана анын өзөктүк программасы боюнча мүмкүн болгон ойлорду жоюу жана эл аралык коомчулук менен кызматташууга мажбурлоо.
Бул санкциялар сатуучуларга же сатып алуучуларга карата тыюу салуулар, мунай ташуучу автоунааларды камсыздандыруудан куржалак калтыруу же банктык санкциялар сыяктуу чаралар менен ишке ашырылды.
Санкциялардан улам Ирандан мунай сатып алуунун азайышынын натыйжасында, 2012-жылдын март айында Ирандын мунай экспорту күнүнө 2 миллион баррелден төмөн түшкөн. 2012-жылдын 31-мартында, мунай өндүрүүчү ири өлкөлөр Батыш өлкөлөрүнүн өтүнүчү боюнча жылдын биринчи кварталында өндүрүштү көбөйткөндөн кийин, Америка Кошмо Штаттары менен башка ири керектөөчү өлкөлөрдүн ортосунда стратегиялык мунай корун пайдалануу боюнча келишимдерди түзүшкөн.
Ал эми АКШнын ошол кездеги Президенти Дүйнөлүк рынокто мунай жетиштүү экенин жана Ирандан мунай сатып алууну токтотуу планы ишке ашырыларын жарыялаган.
Ошол эле жылдын 23-январында Европа бирлиги Иран мунайына каршы санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алган. Ошентип, европалык мунай компанияларынын Иран менен жылдык келишимдеринин мөөнөтү аяктаганына карабастан, алар бул келишимдерди узартышкан жок. Ирандын өзөктүк программасына шылтоосу менен киргизилген санкциялар 2015-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы чыгарган чечимдерин жокко чыгарылуусу менен Ирандын мунай экспорту кадимки калыбына келип, алты айга жетпеген убакытта өлкөнүн мунай өндүрүшү суткасына дээрлик 4 миллион баррелге жеткен.
Бирок Ирандын мунайынын жакшы күндөрү көпкө созулган жок, Дональд Трамптын Ак үйгө келиши менен АКШнын Европа өлкөлөрүнүн макулдугусуз жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин колдоосусуз, өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып, бул жолу санкцияларды кыйла катаалдык менен калыбына келтирди. Жакында эле АКШ президенти Ирандын мунай зат экспортун нөлгө түшүрөөрүн расмий билдирген.
Бүгүнкү күндө Иран мунайы көптөгөн кыйынчылыктар менен күрөшүп жатат . Мунай министри мындай кырдаалды согуштук кырдаалдан төмөн деп эсептебейт, анткени бул согуш өлкөнүн чек араларын эле эмес, бүтүндөй экономикасын каптаган. Азыр, кеңири кулач жайган санкция согушу өлкөнүн экономикасын, айрыкча мунай өнөр жайын бутага алды.

Мунай санкциялары менен америкалыктардын текеберлиги

Ирандын экономикалык тармагындагы саясий серепчи Сабах Зангяне агенттикке берген маегинде АКШнын мунай санкцияларына токтолуп, мындай деди: “АКШ ар дайым мунай базарларында өлкөлөрдүн катышууларынан жана белгилүү бир өлкөгө энергетикалык көз карандылыктан коркуп келген. Бирок, акыркы айларда Иран мунайын жана продукциясын экспорттоо жакшырып, Трамп тарабынан сатып алуучу өлкөлөргө дагы, жүк ташуучу компанияларга дагы, мунай компанияларына дагы жасалган бардык кысымдарга жана чектөөлөргө карабастан, ийгиликке жетишилди жана өлкөнүн экспорту көбөйдү. Албетте, Иран акыры бул чектөөлөрдөн чыгуунун жолдорун тапты, анткени санкциялар эл аралык эрежелерге каршы келет жана улуттук суверендүүлүк принцибин бузат жана бир кезде АКШнын катаал малелерине Иран дагы ушул сыяктуу жоопторду берүүгө толук укуктуу. Кандай болгон күндө дагы Трамп жана анын командасынын жасаган иштери кийинки президентке кыйынчылыктарды пайда кылып, эки өлкөнүн мамилелеринде дагы көп көйгөйлөрдү жаратат жана АКШнын жаңы администрациясы бул көйгөйлөрдү кантип чече алары белгисиз."

Трамп бийликте турган төрт жыл ичинде энергетика жаатында өлкөдөгү экспорттун өнүгүү саясатын жүргүзгөн. АКШ буга чейин ички мыйзамдарына ылайык, ири көлөмдөгү мунай экспортуна уруксат берген эмес жана дүйнөлүк рыноктордо да анчалык чоң орунга ээ болгон эмес. Бирок Трамп кызматка киришкенде ошол стратегия өзгөрүп, Америка Кошмо Штаттары өзүнө жаңы базарларды түзүшү керек болчу. Ошондуктан көптөгөн мунай экспорттоочу өлкөлөр кризиске кабылып же АКШнын санкцияларына туш болушкан. Анын ичинде Иранга каршы экономикалык санкциялар мунай заттын дүйнөлүк базарлардан чыгарылышына себеп болду. Венесуэладагы кризис жана бул өлкөгө каршы киргизилген санкциялар ички керектөө жана өндүрүү мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиздигинен улам өлкөнүн мунай өндүрүштөрүнүн токтоп калышына алып келди. Ливиядагы чыр-чатактын күчөшү мунай зат экспорттоо процессин пайда кылды. Санкцияланган өлкөлөрдүн мунай зат экспорттолуучу багыттарын карасак, АКШ дүйнөлүк рыноктогу бош орундарын толтурууга аракет кылып, буга байланыштуу Орусияга, айрыкча мунай-газ тармактарына санкцияларды киргизгенин көрөбүз. Мунун бардыгы Кошмо Штаттар дүйнөлүк базарларда өз ордун ээлөө жана экспорттун көлөмүн кеңейтүү максатында санкцияларды киргизүү жана мунай өндүрүүчү же экспорттоочу өлкөлөрдө кризис жаратуу сыяктуу ыкмалардан колдонгонун көрсөтүп турат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек